Россиянын жоокерлери Бишкекте кыргызстандык артисттер менен футбол ойношот

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболчулар оюн учрунда. Архив
Футболчулар оюн учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн ырчылардын концерттик программасы менен коштолот.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Бишкекте Россиянын илим жана маданият борборунун кубогу үчүн ЖККУнун "Кант" авиабазасы менен Кыргызстандын театр, кино жана эстрада жылдыздарынан турган "Арт-футбол" командалары футбол ойнойт.

Турнир Issyk-Kul Swim Challeng - Sputnik Кыргызстан
Депутат Турусбеков менен экс-премьер Сариев Ысык-Көлдү сүзүп өттү. Сүрөттөр
Аталган беттеш Россиянын мамлекеттик желегинин күнүнө карата 23-августта өтөт. Кыргызстандын командасында Адил Чекилов, Ырыскелди Осмонкулов, Тынай Алыбаев, Марат Ибраев, Игорь Воронцов, Оскар Султаналиев, Атай Өмүрзаков, Нургазы Азыкбаев, Алмаз Раимжанов, Мирлан Абдыкалыков, Бекназар Бакыт уулу жана Максат Мамырканов бар.

Оюндун башында жана тыныгуу учурунда ырчылардын концерттик программасы сунушталат.

Иш-чара Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын стадионунда (Ахунбаев көчөсү, 97) саат 15.00дө башталат. Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0