ЖККУнун Кант авиабазасынын футбол командасы Кыргызстандын эстрада, театр жана кино жылдыздарынын Арт-футбол командасы менен беттешти

Кыргызстандык артисттер Россиянын жоокерлерин футболдон утуп алды

193
(жаңыланган 21:31 23.08.2019)
Мелдеш Россиянын мамлекеттик желегинин күнүнө карата уюштурулган.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. ЖККУнун "Кант" авиабазасынын футбол командасы Кыргызстандын эстрада, театр жана кино жылдыздарынын "Арт-футбол" командасы менен беттешти. Жыйынтыгында атамекендик өнөрпоздор жеңишке жетти. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди.

Мелдеш Россиянын мамлекеттик желегинин күнүнө карата уюштурулган. Командалар Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын оюн талаасында жолугушту.

  • Футбольный матч между командами российской авиационной базы ОДКБ Кант и Арт-футбол (звезды эстрады, театра и кино Кыргызстана) завершился победой отечественных артистов
    ЖККУнун "Кант" авиабазасынын футбол командасы Кыргызстандын эстрада, театр жана кино жылдыздарынын "Арт-футбол" командасы менен беттешти
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Футбольный матч между командами российской авиационной базы ОДКБ Кант и Арт-футбол (звезды эстрады, театра и кино Кыргызстана) завершился победой отечественных артистов
    Мелдеш Россиянын мамлекеттик желегинин күнүнө карата уюштурулган
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Футбольный матч между командами российской авиационной базы ОДКБ Кант и Арт-футбол (звезды эстрады, театра и кино Кыргызстана) завершился победой отечественных артистов
    Командалар Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын оюн талаасында жолугушту
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Футбольный матч между командами российской авиационной базы ОДКБ Кант и Арт-футбол (звезды эстрады, театра и кино Кыргызстана) завершился победой отечественных артистов
    Жыйынтыгында, беттешти 5:2 эсебинде "Арт-футбол" командасы утуп, өнөрпоздор Россиянын илим жана маданият борборунун кубогуна ээ болду
    © Sputnik / Эркин Садыков
  • Футбольный матч между командами российской авиационной базы ОДКБ Кант и Арт-футбол (звезды эстрады, театра и кино Кыргызстана) завершился победой отечественных артистов
    "Россотрудничество" коомдук уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедов оюн кызыктуу болгонун белгиледи
    © Sputnik / Эркин Садыков
1 / 5
© Sputnik / Эркин Садыков
ЖККУнун "Кант" авиабазасынын футбол командасы Кыргызстандын эстрада, театр жана кино жылдыздарынын "Арт-футбол" командасы менен беттешти

Биринчи таймда кыргызстандыктарга ийгилик жылмайып эсеп 2:0 болду. Тыныгуудан кийин жоокерлер дарбазага эки топ киргизген. Бирок ошол эле учурда атамекендик жылдыздар каршылаштарынын дарбазасына үч гол тепкен. Жыйынтыгында беттешти 5:2 эсебинде "Арт-футбол" командасы утуп, өнөрпоздор Россиянын илим жана маданият борборунун кубогуна ээ болду.

"Россотрудничество" коомдук уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедов оюн кызыктуу болгонун белгиледи.

"Кыргызстандыктар кызыктуу оюн көрсөтүштү. Спорт чындыгында ынтымакка чакырып, бири-бирин түшүнүүгө жол ачат. Россия менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөш, союздаш мамлекеттер. Оюнда достук жеңди", — деди Нефедов.

Кыргызстандын командасынын атынан Адиль Чекилов, Ырыскелди Осмонкулов, Тынай Алыбаев, Марат Ибраев, Игорь Воронцов, Оскар Султаналиев, Атай Өмүрзаков, Нургазы Азыкбаев, Алмаз Раимжанов, Мирлан Абдыкалыков, Бакыт уулу Бекназар жана Максат Мамыркановдор ойношту.

193
Белгилер:
"Кант" авиабазасы, Кыргызстан, футбол
Тема боюнча
Бишкекте Москва күндөрү өтөт
Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду насыянын пайыздык ченин төмөндөттү