Сүйүнчү! Кыргызстандын волейболчулары Азия чемпиону болду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын волейбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук команда финалда Өзбекстан менен беттешкен.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы бүгүн, 24-августта, Азиянын борбордук зоналык чемпионатынын баш байгесин утту.

Волейболист сборной Кыргызстана Онол Каныбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Оңолбек Каныбек уулу 26 жашта. Шыңга бойлуу волейболчу тууралуу 8 факты
Мелдеш Непалдын Катманду шаарында өттү. Улуттук команда финалдык беттеште Өзбекстандын волейболчулары менен кез келип, 3:0 эсебинде жеңип алды.

Кыргызстан жарым финалда Түркмөнстандын командасын 3:0 эсебинде уткан. Ага чейинки этаптарда Непал жана Мальдив аралдарынын курама командаларын да 3:0 эсеби менен артта калтырган.

Азиянын борбордук зоналык чемпионатына Кыргызстан, Непал, Мальдив, Түркмөнстан, Өзбекстан, Бангладеш жана Афганистан болуп жалпы жети өлкө ойноду.

Жаңылыктар түрмөгү
0