Канат Келдибековдун "Ахмат" уюмунда качан беттешери жана атаандашы айтылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тайсон" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков. Архив
Тайсон каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канат Келдибеков "Ахмат" уюмунда ушул жылдын январь айынан бери беттеше элек.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. "Тайсон" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков 4-октябрда Грозный шаарында ACA (Absolute Championship Akhmat) турниринин алкагында беттеш өткөрөт. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий Instagram баракчасында айтылат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ACA MMA (@aca_mma)

Ага ылайык, кыргызстандык мушкер 61 килограмм салмакка чейинки категорияда россиялык Дукваха Астамиров менен беттешмекчи.

Аралаш мушташ боюнча WEF Grand Prix турниринин чемпиону Канат Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Бир күндө 4 мушкерди жеңген "Тайсон": беттеште уулум эң чоң мотивация болду
Белгилей кетсек, "Тайсон" ACA уюмунда соңку ирет ушул жылдын 26-январында беттешип, чеченстандык Хусейн Шайхаевге калыстардын чечими менен утулуп калган. Андан бери Кыргызстандын ичинде бир нече беттеш өткөргөн. Бирок мушкерлердин рейтингин аныктаган Sherdog порталында ал январдан бери октагонго чыга электигин көрүүгө болот. Расмий түрдө 12 беттешти утуп, төрт ирет жеңилгени жазылган.

Ал эми кезектеги атаандашы Дукваха Астамиров аралаш мушташ боюнча төрт беттешти утуп, эки ирет жеңилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0