Өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган Калмира Билимбек кызы. Архив

Айылда эле машыгып дүйнөнү багынткан Калмира: Нарында балдар менен гана күрөшөм

1745
(жаңыланган 15:58 29.08.2019)
Кыргызстандагы өспүрүм балбан кыздардын эң эле ийгиликтүүсү жана таанымалы деп Калмира Билимбек кызын тартынбай айтууга болот. Спортчу Нарындын алыскы айылында машыгып эле дүйнө чемпионатынан күмүш байге алды.

Дүйнө чемпионаты үстүбүздөгү жылдын 3-августунда Болгарияда өткөн. КРдин Күрөш федерациясынын маалыматы боюнча, Калмира Билимбек кызы өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшүп, күмүш медаль алган экинчи кыргызстандык кыз. Буга чейин Айпери Медет кызы ушундай жыйынтык көрсөткөнү маалым.

Балбан кыз 16 жашта. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жашайт, Тайлак баатыр атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде машыгат. Ал эркин күрөш боюнча облустук чемпионатты беш жолу, республикалык чемпионатты үч ирет уткан. Ошондой эле Украина, Түркия, Казакстанда өткөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Азия жана дүйнө чемпионаттарында бешинчи орунга татыган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги балбан кыз менен маек курду. Калмира студияга атасы Билимбек менен келди.

Серебряный призер чемпионата мира по спортивной борьбе среди юношей Калмира Билимбек кызы
© Фото / из личного архива Калмиры Билимбек кызы
Калмира Билимбекова 16 жашта, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылында жашайт, Тайлак баатыр атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде машыгат.

— Карьераңызда маанилүү делген дүйнө чемпионатына канча убакыт даярдангансыз?

Калмира Билимбекова: — Өзүмдүн туулуп-өскөн Ак-Талаа районунда, атамдын кол алдында машыктым. Залда эле даярданбастан үйдөгү кара жумуштарды жасап, чөп ташып, күч топтодум.

Билимбек Капарбек уулу: — Биз дүйнө чемпионатына чейин Казакстанда машыгуу өткөрдүк. Ал жактан турнирге катышып, утулуп калган элек. Демейде куттук айткандар анда унчукпай калат экен. Мындай нерселер бизди чыйралтат. Келип эле Ак-Талаадан машыгууну уланттык. Эсептесек, дүйнө биринчилигине үч жума гана убактыбыз бар экен. Көлгө же башка мамлекетке барып даярданууга жетишпей калмакпыз.

Өзүм Баетов айылындагы Тайлак баатыр атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде машыктыруучумун. Калмиранын атасы гана эмес, саяпкери болуп да эсептелем. Айылда Калмира эркек балдар менен машыгат. Алар килем үстүндө жакшы атаандаш болуп беришет. Айыл жеринде машыкканга эмне жетсин. Таза аба жутуп, тоо-ташты ашып чуркайбыз. Тамагыбыз таза, кайнатылган эт жеп, кымыз ичебиз. Кола, чипсы, гамбургер дегенди билбейбиз. Ошентип айылдан эле даярданып дүйнө чемпионатына жөнөп кетти. Мен бара алган жокмун. Телефон аркылуу кеп-кеңишимди берип, байланышта болуп турдум. Намазымы окуп, дуба кылып, Кудайдан тилеп жүрдүм. Ушул жерден бир нерсени белгилеп кетейин. Бизде көп учурда чет мамлекеттеги мелдештерге каржы себептери менен спортчулардын жеке машыктыруучулары бара албай калат. Бул канчалык бир деңгээлде балбандын жетишкендигине таасир берет.

Отец серебряного призера чемпионата мира по спортивной борьбе среди юношей Калмиры Билимбек кызы на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Эркин Садыков
Билимбек Капарбек уулу: биз эң негизгиси айылда машыгып эле спортто бийиктиктерди багынтуу мүмкүн экендигин көрсөтө алдык деп ойлойм.

— Калмира мелдеште эки атаандашын мөөнөтүнөн мурда далысын жерге тийгизип утуп алды. Бул анын дайымкы ыкмасыбы же мүмкүнчүлүк болгондо колдонобу?

Б.К. уулу: — Олимпиада чемпиону Али Алиев "чемпион болуу үчүн бир ыкманы миллион жолу жасоо керек" деп айтат. Далысын жерге тийгизген ыкманы ар бир машыгууда эки мүнөттөн тынбай жасап турабыз. Адам ойлонгондо денеси автоматтык түрдө бул нерсени аткарып калат. Бул Калмиранын жакшы көргөн ыкмасы.

— Кармаштар абдан эмоционалдуу өтүп жатты. Финалга чейинки беттештердин жүрүшүнө токтолуп өтсөңүздөр?

Б.К. уулу: — Биз беттештердин бардыгын түз эфирден көрүп турдук. Биринчи айлампада Европа оюндарынын чемпиону болгон азербайжандык кыз менен беттешти. Аны утуп алганда "өх" деп жеңилдей түштүк. Себеби алгачкы беттеш ийгиликүү өтсө, спортчу ачылып, ишеним пайда болот.

Андан кийинки атаандашы даниялык кыз болду. Дания менен Болгария жакын мамлекет болгондуктанбы, калыстар каршылашка тартып жаткандай туюлду. Бир убакта Калмира анын бутуна кирип, жамбаш жагынан көтөргөндө, тиги кыз чабалактап, өзүн жоготуп койгондой сезилди. Анан далысын жерге тийгизип таза жеңишке ээ болду. Кээде чет жерде атаандашты мөөнөтүнөн мурда утпасаң, түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн.

Үчүнчү айлампада белоруссиялык балбан менен чыкты. Ага 2016-жылдагы "Медвежонок" аталышындагы эл аралык турнирде утулуп калган. Реванш кармашта аны 9:1 упайы менен жеңди.

Аз убакыттан кийин кайра эле казак кызы менен кармашты. Анын командасы өзүнө абдан ишенип чыкты. Себеби Азия чемпионатында Калмиранын утулуп калганын көрүшкөн болчу. Бирок беттеште эмоцияга алдырганы байкалып турду. Тыныгуу учурунда машыктыруучулары урушуп да койду. Калмира бир темп менен күрөшүп, таза жеңиш менен жер каратты. Мындагы сезим өзгөчө болду. Калмира сүйүнүчтөн ыйлады. Аны көрүп биз да жашыдык. Себеби алдыда финал күтүп турган эле.

— Кыргызстандын Күрөш федерациясынан Калмира жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшкөн экинчи кыргызстандык дешти. Бул абдан сыймык болсо керек, сиздерге сезилдиби?

К.Б.: — Мага көп билинген жок. Машыктыруучулар "Калмира, сен кичинекей болуп сезбей жатат окшойсуң, тарыхты жаңыладың" деп жылуу сөздөрүн айтышты. Бирок атам мага "алтын деген алтын, күмүш деген күмүш, сен биринчи орунду алышың керек" деп талап койгон. Мен аны аткара алган жокмун...

Б.К. уулу: — Кызыма тарыхка кирүү үчүн бир кадам калганын белгилеп, алтын алса дегем. Тааныштардын арасында "финалга чыкканы эле чоң жеңиш, ушуга эле шүгүр" деп эрте сүйүнткөндөр да болуп калды. Негизи спортчулардын денесин эрте "суутпаш" керек. Бирок күмүш медалга дагы ыраазыбыз. Келечек алдыда, көп мелдеште алтын аларыбызга ишенебиз.

Серебряный призер чемпионата мира по спортивной борьбе среди юношей Калмира Билимбек кызы с отцом
© Фото / из личного архива Калмиры Билимбек кызы
Капарбек уулу: кичинекей кезинде абдан тентек болчу. Кечинде туугандар менен тамакка чогулганда балдарды күрөштүрө берчүбүз. Ошондо эле мүнөзүн байкагам.

— Финалда утулуп калууга эмне себеп деп ойлойсуздар?

Б.К. уулу: — Кызым кичирээктик кылды окшойт. Кармашта бир секунд дагы бошобош керек болчу. Мен ушуну WhatsApp аркылуу жазып жиберсем, окуган эмес болчу, көрсө мейманканадан чыгып кетиптир.

— Интернеттен Нарын эли чоң салтанат менен тосуп алганын көрдүк.

Б.К.: — Кочкор, Ак-Талаа райондорунан жана Нарындын өзүнөн шаан-шөкөт менен тосуп алышты. Жылуу сөзүн сүйлөп, батасын берип, ыраазычылык айткандар көп болду. Чоң белектерди дагы ыйгарышты. Жалпысынан 130 миң сом, беш кыл куйрук жана бир жеңил унаа алдык.

— Мамлекеттен канча стипендия аласыз?

К.Б.: — Мурда беш миң эле, азыр 10 миң сомго чейин көтөрүлдү.

Б.К. уулу: — Быйыл абдан жемиштүү жылдардан болду. Спортчулардын гана стипендиясы эмес, машыктыруучулардын дагы айлыгы көтөрүлдү. Мындайда иштеш гана керек.

Серебряный призер чемпионата мира по спортивной борьбе среди юношей Калмира Билимбек кызы
© Фото / из личного архива Калмиры Билимбек кызы
Калмира Билимбек кызы өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшүп, күмүш медаль алган экинчи кыргызстандык кыз

— Билимбек мырза, Калмира спортко кантип аралашып калганын айтып бересизби?

Б.К. уулу: — Кичинекей кезинде абдан тентек болчу. Кечинде туугандар менен тамакка чогулганда балдарды күрөштүрө берчүбүз. Ошондо эле мүнөзүн байкагам. Беш жашынан тарта ийилип, чоюлуп, гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап баштады. Бир аздан күрөштүрүп койчумун. Жети жашынан тарта райондук турнирлерге катышып баштады. Кыздар аз болгондуктан балдар менен күрөшүп финалга чыкчу. Мелдештерде кошуна Терек айылынан келген бир баладан дайыма утулуп калчу. Баары бир балдар табиятынан күчтүү келет эмеспи. Ага эки жыл катары менен утулуп жүрүп, үчүнчү жылы көгөрүп атып жеңди. Андан соң Нарын облустук турнирлеринде күчүн сынады.

Бир ирет мелдештин финалына жетип калганда "кыз киши эркек бала менен күрөшпөйт, динде уруксат берилбейт" деп чырдап жиберишти. Мен анда башынан баштап килемге чыгарбай койсоңор болмок дедим. Анан тартышып отуруп илимдүү, билимдүү кишини чакырттык. Ал мусулманчылыкта сууга сүзгөн, кылыч чапкан, атка минген, жаа тарткан жана күрөшкөн болот деп дубасын берди. Анан ошондо атаандаш баласын утуп чемпион болду. Биз көп учурда Нарындын районундагы машыктыруучулар менен кеңешип, кыздарды балдар менен күрөштүрөбүз. Биринчиден, кыздар аз, экинчиден, балдар менен күрөшүп тажрыйба топтогон жакшы.

Серебряный призер чемпионата мира по спортивной борьбе среди юношей Калмира Билимбек кызы
© Фото / из личного архива Калмиры Билимбек кызы
Калмира Билимбекова төрт бир туугандын улуусу. Хоббиси — ат минүү.

— Эркек балдар кыздар менен чындап күрөшөбү же аео сезими болобу?

Б.К. уулу: — Эч кандай аео болбойт. Бир ирет Кеминде эл аралык турнир өтүп, Калмираны машыктыруучуга кошуп жибергем. Ал жактан кыз кишини эркек бала менен чыгарбай эле койгула, сынып калат дешиптир. Биздин команда адатынча жоопкерчиликти өзүнө алып беттештирет. Анда Калмира жарым финалда утулуп калып, коло байге үчүн күрөшмөй болот. Үчүнчү орунга чыга турчу атаандаш баланын атасы уулуна "күрөшпөй эле кой, кыздын колун көтөрүп чыгып кетсең, зоболоң бийиктейт" деген экен. Антсе баласы күрөшөм деп көгөрүп туруп алыптыр. Макул болуп күрөштүрсө, Калмира утуп алыптыр. Анан тиги бала жер чапкылап ыйлаган экен. Мындай учурлар көп.

Калмира кармашып жатканда Кудайдан тиленип, санаа тартам. Бирок машыгууларда аябайм. Антип отурсак медалга жетпейбиз. Залга кечигип келсе, көнүгүүлөрдү ашыкча жасатып кыйнайм. Башка машыккан балдардан артык көрбөйм. Үйдө кызымдай эле.

— Спортто ийгилик жаратуу үчүн убакыт керек эмеспи. Калмира окуганга жетишип жатабы?

Б.К. уулу: — Үзгүлтүккө учуратпаганга аракет кылабыз. Мектепте «бешке» эки-үч сабагынан эле жетпей калган. Быйыл тогузду бүттү. Машыктыруучулук боюнча окуу жайга тапшыртууну ойлоп жатабыз. Ошондо машыгуубузду шаардан улантабыз. Бир жылы Калмирага карап бул жакка көчүп келип, бирок шартыбызга байланыштуу кайра айылга кеткенбиз.

Серебряный призер чемпионата мира по спортивной борьбе среди юношей Калмира Билимбек кызы
© Фото / из личного архива Калмиры Билимбек кызы
Билимбек Капарбек уулу: Калмира кармашып жатканда Кудайдан тиленип, санаа тартам. Бирок машыгууларда аябайм. Антип отурсак медалга жетпейбиз.

— Үй жумуштарын жасаганга убактысы болобу?

Б.К. уулу: — Калмира сырттын жумушун көп жасайт. Кышкысын кар күрөтөм, күзүндө чөп ташытып, мал бактырам. Бөтөнчө жылкыларга кам көргөндү жакшы көрөт. Үйдүн улуусу болгондуктан апасына да каралашат.

— Калмираны күрөштөн канча жашка чейин көрөсүз?

Б.К. уулу: — Отуз жашка чейин. Ага чейин олимпиада чемпиону болот деген ишеничим чоң.

— Кийинки мелдештери качан болот?

Б.К. уулу: — Азыр эс алышыбыз керек. Кайрадан эле Азия жана дүйнө чемпионатына даярдык баштайбыз. Ортодо эл аралык турнирлерге катышабыз.

Серебряный призер чемпионата мира по спортивной борьбе среди юношей Калмира Билимбек кызы
© Фото / из личного архива Калмиры Билимбек кызы
Балбан кыздын келечектеги максаты — Олимпиада чемпиону болуу

— Айылда Калмира сыяктуу өсүп келе жаткан балбандар барбы?

Б.К. уулу: — Учурда Тайлак баатыр атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде 420 бала машыгат. Анда тогуз коргоол, волейбол, футбол, эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыргыз күрөшү боюнча тарбияланышат. Көбү эркин күрөшкө келет. Калмирага чейин Кыргызстандын чемпионатын утуп, Азия чемпионаттарына катышып келген балбандар бар. Бирок дүйнө чемпионатынан байге алышы керек болчу. Биз эң негизгиси айылда машыгып эле спортто бийиктиктерди багынтуу мүмкүн экендигин көрсөтө алдык деп ойлойм.

1745
Белгилер:
Калмира Билимбек кызы, күрөш, балбан, Нарын, Кыргызстан
Тема боюнча
Бали! Кыргызстандык балбан Калмира дүйнө чемпионатынан күмүш алды. Видеолору
Ошол 7 секунд улам элестей берди. Айсулуу Тыныбекованын агынан жарылган маеги
Айылдык кыздарды багып, чемпион кылган Үсөналы агай: батирге 17 миң сом төлөйм
Атам мен үчүн тилек кылганын уктум... Азиада чемпиону Төрөхандын ачык маеги
Кыргызстандан чыккан Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Валентина Шевченко. Архив

Шевченко октагонго кайтты! UFC ал наамын коргой турчу күндү так айтты

30
Атамекендик спортчу октагондо бразилиялык Женнифер Майя менен кез келет. Бул Шевченконун ушул жылдын эсебинен экинчи кармашы болмокчу.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандан чыккан Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Валентина Шевченко наамын 21-ноябрда UFC 255 турниринин алкагында коргойт. Бул тууралуу уюмдун президенти Дана Уайтка таянуу менен MMAJunkie порталы жазды.

Буга чейин Шевченко бразилиялык Женнифер Майя менен беттеш өткөрө турганы айтылып, датасы такталган эмес. Бирок кайсы шаарда болору дагы деле белгисиз. Себеби уюм пандемияга байланыштуу мурдагыдай чоң өлкөлөрдү аралап турнир өткөрө албайт.

Шевченко Tapology версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди

Кыргызстандык спортчу акыркы кармашын ушул жылдын 8-февралында Хьюстондогу UFC 247 турниринин алкагында өткөрүп, америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен утуп алган. Шевченко бул кармаштан кийин бутунан жаракат алып, операция жасатып чыккан. Ал ортодо шотландиялык Жоан Калдервуд менен октагондо кез келери айтылып, бирок ишке ашпай калган.

Ал эми Калдервудду жакында эле Валентинанын болочок атаандашы, тагыраагы, күзүндө кармаша турчу Женнифер Майя колун кайрып утуп алган.

30
Белгилер:
турнир, чемпион, беттешүү, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Шевченко: Нуньес мен көздөгөн акыркы атаандаш
Валентина Шевченконун титулун кантип коргой турганы маалымдалды. Видео
Шоро премьер лигасынын тыныгуудан кийинки I турунун оюну

Шоро премьер-лигасынын беттештеринде тең чыгышты. Күйөрмансыз оюндар

34
(жаңыланган 00:32 08.08.2020)
Беттештер Кант шаарындагы футбол талааларында өттү. Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында беттештерге күйөрмандар киргизилген жок.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Шоро премьер-лигасынын тыныгуудан кийинки I турунун алкагында 7-августта Кант шаарында кезектеги беттештер өттү. Бул тууралуу Кыргызстан футболдук союзунун (КФС) маалымат кызматы билдирди.

  • Во время матча первого тура премьер лиги Шоро между командами Алай и Абдыш-Ата
    Кыргызстандын Шоро премьер лигасынын тыныгуудан кийинки I турунун алкагында бүгүн, 7-августта, Кант шаарында кезектеги беттештер өттү
    © Фото / пресс-служба КФС
  • Во время матча первого тура премьер лиги Шоро между командами Алай и Абдыш-Ата
    "Алай" (Ош) - "Абдыш-Ата" (Кант) 1:1, Кара-Балта – Илбирс (Бишкек) 0:0 тең чыгуулар менен аяктады.
    © Фото / пресс-служба КФС
1 / 2
© Фото / пресс-служба КФС
Кыргызстандын Шоро премьер лигасынын тыныгуудан кийинки I турунун алкагында бүгүн, 7-августта, Кант шаарында кезектеги беттештер өттү

"Алай" (Ош) - "Абдыш-Ата" (Кант) 1:1, Кара-Балта – Илбирс (Бишкек) 0:0 тең чыгуулар менен аяктады.

Беттештер Кант шаарындагы футбол талааларында өтүүдө. КФС буга чейин эпидемиологиялык абалдан улам КРдеги футболдук чемпионатты борборлоштуруп өткөрүү чечимин кабыл алган.

FIFA Кыргызстандын футболун колдоого 1,5 миллион доллар бөлөт

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында беттештерге күйөрмандар киргизилген жок.

34
Белгилер:
пандемия, чемпионат, Кыргызстан, футбол
Тема боюнча
Кыргызстанда футбол оюндары пандемиядагы үч айлык тыныгуудан соң жанданат
FIFA президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келет
Түркияда ойногон кыргызстандык жаш футболчу эл аралык сыйлыкка татыды
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив

Бейтапты дарылайм деп... Дагы 10 ак халатчан вирус жуктуруп алды

0
(жаңыланган 11:56 08.08.2020)
Жалпысынан COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 2938 учур катталып, алардын дээрлик көбү ооруну жеңген.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өлкө боюнча бир суткада 10 медицина кызматкеринде коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ооруну бир нече облустагы медиктер жуктурган.

  • Бишкек шаары — 1;
  • Ош шаары — 2;
  • Баткен облусу — 3;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 1;
  • Чүй облусу — 1;
  • Нарын облусу — 1.

Ал эми бир суткада 12 медицина кызматкери ооруканадан айыгып чыкты. Мындан сырткары, үй карантининен 60 медик сакайган.

Коронавирустан көз жумган медиктерге эстелик орнотулат. Ал кандай болот?

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 2938 учур катталып, алардын 2097си ооруну жеңген.

0
Белгилер:
жуктуруу, айыгуу, медицина, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Кыргызстанда кечээ коронавирустан 517 адам айыкты