Дарья Маслова Белоруссиядагы ачык чемпионатта жеңүүчү болду

© Фото / Белорусская Федерация Легкой АтлетикиКыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Белоруссияда өткөн жеңил атлетика боюнча чемпионатта жеңүүчү болду
Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Белоруссияда өткөн жеңил атлетика боюнча чемпионатта жеңүүчү болду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдештин алкагында медалдардан тышкары Катарда өтчү дүйнө чемпионатына жолдомо ойнотулган.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Белоруссияда өткөн жеңил атлетика боюнча чемпионатта жеңүүчү болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынын расмий сайтында айтылат.

Бадминтон оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда спорттун беш түрү улуттук реестрге катталды
Турнир 29-август күнү Минскиде башталган. Мелдештин алкагында медалдардан тышкары күз айларында Катарда өтчү дүйнө чемпионатына жолдомо ойнотулду.

Маслова сегиз киши менен 10 чакырымга чуркады. Жөө күлүк аралыкты 32 мүнөт 21 секундада чуркап өткөн. Экинчи орунду жергиликтүү спортчу Нина Савина (33 мүнөт 23 секунд) алса, үчүнчү болуп Ирина Сомова (33 мүнөт 44 секунд) келди.

Белгилей кетсек, Маслова Белоруссиянын жеңил атлетика боюнча кубогунда да алтын медаль тагынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0