КР футболчулары тажикстандыктарды ута алабы. Букмекерлердин пикири

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүФутбол. Архив
Футбол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылкы дүйнө чемпионаты алдында эки команда беттешкен. Анда кыргызстандыктар мыктылыгын көрсөткөн.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Букмекерлер Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын дүйнө чемпионатына тандоо турунда мүмкүнчүлүгү жакшы деген пикирде.

Футбол. ЧМ-2018. Матч Бразилия - Коста-Рика - Sputnik Кыргызстан
Футбол күйөрманы трибунадан кулап, кыздын үстүнө түштү. Видео
Алгачкы оюнду кыргызстандык спортчулар 5-сентябрь күнү Душанбе шаарында жергиликтүү футболчулар менен өткөрөт.

Marathonbet букмекерлик ишканасы Кыргызстан командасынын утуу коэффициентин 3,3 деп баалоодо. Ал эми тажикстандыктардыкы — 2,19, тең чыгат дегендер — 3,28.

Favbet букмекеринде бир аз башкача көрчсөткүчтөр: кыргызстандыктар — 3,2, тажикстандыктар — 2,23, теңме-тең — 3,25.

Коэффициент канчалык төмөн болсо, жеңишке мүмкүнчүлүк ошончо жогору болот. Демек, бул оюнда тажик футболчулары — фаворит, бирок кыргызстандыктардын дагы мүмкүнчүлүгү жогору.

Кыргызстандын командасы F тайпасына туш келген. Кийинки этапка чыгуу үчүн алар Мьянма, Монголия, Япония жана Тажикстандын футболчулары менен күч сынашат.

Аталган эки команда 2018-жылкы дүйнө чемпионаты алдында беттешкен. Бишкекте оюн 2:2 эсеби менен аяктаса, Душанбеде кыргызстандыктар 1:0 эсебинде талаа ээлерин утуп алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0