Шевченко ага чакырык таштаган эркек мушкер Сехудону "утуп алды". Видео

© AFP / Rey Del Rio / GETTY IMAGES NORTH AMERICAВалентина Шевченко. Архив
Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Генри Сехудо буга чейин кыргызстандык мушкер кызга чакырык таштаган.

БИШКЕК, 5-cен. — Sputnik. Валентина Шевченко ага чакырык таштаган Генри Сехудо менен Абу-Даби шаарында жолугуп, тамашалуу беттеш өткөрдү.

Белгилей кетсек, 7-сентябрда аталган калаада UFC 242 турнири өтөт. Кеченин башкы беттешинде россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Дастин Порье беттешет.

Аталган турнирге конок катары уюмдун чемпиондору Генри Сехудо менен Валентина Шевченко барган.

Спортчулар Абу-Даби шаарында бетме-бет жолугушту. Тамашалуу беттештин натыйжасында Шевченко атаандашын муунтуп, жеңүүчү болду.

Буга чейин Сехудо Шевченкону бир нече ирет беттешке чакырган. Эркек спортчунун аракетине UFC президенти Дана Уайт да өз баасын берген. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0