Хабиб атаандашын муунтуп, чемпион бойдон калды. Видео

© AP Photo / Mahmoud KhaledРоссийский боец ​​UFC Хабиб Нурмагомедов
Российский боец ​​UFC Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аралаш мушташ боюнча UFC 242 турнири Абу-Даби шаарында өттү.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC турниринин алкагында америкалык Дастин Порьени утуп, чемпиондук наамын коргоп калды.

Аралаш мушташ боюнча UFC 242 турнири Абу-Даби шаарында өттү. Кеченин башкы беттешинде Нурмагомедов Порьени муунтуу ыкмасы менен жеңди. Мушкерлер 70 килограмм салмакта кармашты. Натыйжада россиялык мушкердин чемпиондук куру өзүндө калды.

​Нурмагомедов алгачкы жолу чемпиондук курга 2018-жылы америкалык Эл Яквинтаны уткандан кийин ээ болгон. Ошол эле жылдын 6-октябрында ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип, наамын коргоп калган. Нурмагомедов карьерасында 28 беттешти утуп, бир да ирет жеңилген эмес.

​Ал эми атаандашы Дастин Порье UFC уюмунун 70 килограмм салмактагы спортчулары арасында утурумдук чемпион болчу. Наамды быйыл Макс Холлоуэйди уткандан кийин алган. ММА боюнча 25 беттешти утуп, алты ирет жеңилген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0