UFC президенти: Конордун Хабиб менен беттешүүгө мүмкүнчүлүгү бар

© REUTERS / Christopher Pike1 /4 Турнир UFC 242 в Абу-Даби. Хабиб Нурмагомедов против Дастина Порье
1 /4 Турнир UFC 242 в Абу-Даби. Хабиб Нурмагомедов против Дастина Порье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макгрегор Twitter баракчасы аркылуу Нурмагомедов менен реваншка даяр экендигин билдирип, беттешти Россияда уюштурууну суранган.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) башчысы Дана Уайт ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун чемпиондук наам үчүн Хабиб Нурмагомедов менен кармашууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдиргенин Bloody Elbow жазды. 

"Эгер Тони Фергюсон беттештен баш тартса, Хабибдин кийинки атаандашы Конор болот", — деген Уайт.

Ал арада Макгрегор Twitter баракчасы аркылуу Нурмагомедов менен реваншка даяр экендигин билдирип, беттешти Россияда уюштурууну суранган.

​Эске сала кетсек, мушкерлер былтыр UFC 229 турниринин алкагында кармашып, анда ирландиялык спортчу утулуп калган.

8-августка караган түнү Абу-Даби шаарында UFC 242 турнири өтүп, Нурмагомедов америкалык Дастин Порьени жеңүү менен чемпиондук наамын сактап калды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0