UFC тарыхында болгон эмес! Хабибдин алчу гонорары айтылды

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүРоссиялык мушкек Хабиб Нурмагомедов. Архив
Россиялык мушкек Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ирет россиялык мушкерге төлөнө турчу кепилдик сумма UFC тарыхындагы рекорддук сумма болуп калды.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Россиялык Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Дастин Порье менен беттешкени үчүн алты миллион доллардан ашык каражат алат. Бул тууралуу "Чемпионат" порталы билдирди.

Белгилей кетсек, 8-сентябрда Нурмагомедов америкалык мушкер Дастин Порьени жеңип, чемпиондук титулун сактап калган. Эки мушкердин кармашы үч раундга созулган.

Турнир UFC 242 в Абу-Даби. Ислам Махачев и Дэйви Рамос - Sputnik Кыргызстан
Хабибдин жакын досу атаандашын жер каратты. Видео
Россиялык мушкерге мушташ боло электе эле бериле турчу кепилденген сумма 6 миллион долларды түзгөн. Нурмагомедов дагы 50 миң доллар мыкты мушташ көрсөткөнү үчүн алды. Андан сырткары, жарнамаларга тартылганы үчүн 40 миң доллар иштеп тапкан.

Ошол эле учурда Хабиб беттешти түз алып берген компаниялардан түшкөн акчанын канчасын алары так айтылган эмес. Анын көлөмү кийинчерээк белгилүү болот.

Ал эми Дастин Порье 290 миң доллар алат. Анын 250 миң долларын беттешке катышканы үчүн алса, калган каражат жарнамаларга тартылганы үчүн берилген.

Россиялык мушкерге төлөнө турчу кепилдик сумма UFC тарыхындагы рекорддук сумма болуп калды. Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегор менен беттешкени үчүн 2 миллион доллар алган. Ага беттешти түз алып берүүдөгү демөөрчүлөрдүн укугу жана жарнамадан түшкөн киреше кошулган эмес.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0