Көчмөндөр оюнунда күч сынашчу көк бөрүчүлөрдүн формасы көрсөтүлдү. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековФинал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак
Финал турнира высшей лиги по кок-бору в Бишкеке. Достук — Ынтымак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 16-сентябрь күнү Таласта башталат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Таласта өтө турган Көчмөндөр оюнуна катышчу көк бөрү боюнча облус командаларынын формасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Кийимдин дизайны агенттик жана BigserSport спорттук дүкөнү тарабынан иштелип чыккан. Форманы жети облустун жана Бишкек менен Ош шаарларынын командалары кийип жүрмөкчү.

Ар бир региондун өзүнүн өң-түсү болот.

Бишкек

Ош

Талас облусу

Жалал-Абад облусу

Нарын облусу

Чүй облусу

Ысык-Көл облусу

Баткен облусу

Ош облусу

Заслуженный деятель культуры КР, драматург Кайрат Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Иманалиев: Көчмөндөр оюндарынын максаты — элди биримдикке чакыруу
Улуттук көчмөндөр оюндары 16-21-сентябрь күндөрү Талас шаарында өтөт. Бул үчүн борбордук ипподром оңдолду.

Спортчулар ордо, тогуз коргоол, эр эңиш, көк бөрү, ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш, кыргыз күрөш, алыш жана салбуурун түрү боюнча күч сынашат. Мындан тышкары, театрлаштырылган оюн-зоок тартууланып, этнобазар ачылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан буга чейин үч ирет Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп, 2020-жылдагысын Түркияга өткөрүп берген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0