Бишкекте дзюдо боюнча эл аралык турнир өтөт

Жазылуу
Мелдешке чет элдик жана жергиликтүү спортчулар катышат.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Борбор калаада дзюдо боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, турнир 13-14-сентябрь күндөрү "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда уюштурулуп, ага чет элдик жана жергиликтүү спортчулар катышат.

Спорттук иш-чара СССРдин эл аралык даражадагы спорт чебери, КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Абдужалил Юнусовдун жаркын элесине арналат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0