Фергюсон эмес. Хабибдин менеджери спортчунун кийинки атаандашын атады

© REUTERS / Christopher PikeРоссиядан чыккан UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив
Россиядан чыккан UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Али Абдель-Азиздин айтымында, кийинки беттеш жыл аягына чейин болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Россиядан чыккан UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз анын кийинки атаандашы Жорж Сен-Пьер болушу мүмкүн экендигин айтканын TMZ порталы жазды.

"Фергюсондун каалоосу эч кимди кызыктырбайт. Мен билгенден Хабибдин кезектеги каршылашы Жорж болот. Тони эңсеп турган нерсесине жетпейт. Хабиб каалаган нерсе орундалат", — деген спортчунун менеджери.

Ал канадалык Сен-Пьерди UFC уюмунун айтылуу мушкери экендигин белгилеп, Нурмагомедов аны менен беттешсе, көп акча табарын кошумчалаган.

"Жорж менен он жылдан бери досмун. Ал дагы Хабиб менен беттешкиси келерин билем. Бул чоң беттеш болот", — деген Али Абдель-Азиз.

Россиялык мушкек Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
UFC тарыхында болгон эмес! Хабибдин алчу гонорары айтылды
Ал россиялык мушкер ушул жылдын аягына чейин Сен-Пьер менен беттешүүгө даяр экендигин белгилеген.

Эскерте кетсек, 8-сентябрга караган түнү Хабиб Нурмагомедов Абу-Даби шаарында америкалык мушкер Дастин Порьени жеңип, чемпиондук наамын сактап калган. Россиялык спортчу үчүнчү раундда атаандашына муунтуу ыкмасын колдонгон.

Ал арада Нурмагомедовдон утулган Порье ирландиялык Конор Макгрегорго беттешүүгө чакырык таштаган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0