Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын ай-буйга келтирбей жеңип алды. Видео

© AFP / JACK GUEZОлимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг
Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1/16 финалда Тыныбекова мексикалык Алехандра Ромеро Бонильяны 8:0 менен утуп, 1/8 финалга бет алды. Балбан килем бетинде 62 килограмм салмакта күч сынашты.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарындагы дүйнө чемпионатында алгачкы жеңишин камсыздады. Бул туурасында Бириккен күрөш федерациясынын (UWW) расмий сайтында көрсөтүлдү.

Ушул тапта Казакстандын Нур-Султан шаарында күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Ал Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо берчү турнир болуп эсептелет.

Чемпионат Азии по борьбе во Дворце спорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Намыска жарады! Балбан Атабек Азисбеков Олимпиада оюндарына лицензия утту
1/16 финалда Тыныбекова мексикалык Алехандра Ромеро Бонильяны 8:0 менен утуп, 1/8 финалга бет алды. Балбан килем бетинде 62 килограмм салмакта күч сынашты.

Эми спортчу кийинки кармашында япониялык Юкако Каваи менен беттешмекчи. Каршылашы студенттер арсындагы дүйнө чемпионатынын алтын байге ээси. Бул балбанды Тыныбекова быйыл Кытайда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында 8:5 упай эсебинде утуп, чемпион болгон. 

Белгилей кетсек, ири турнир 14-сентябрда башталган, эми 22-сентябрда жыйынтыкталат. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбандары күчүн сынап, Атабек Азисбеков гана бешинчи орунду алып, Токио Олимпиадасына жолдомо алды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0