БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Балбандардын сап башы Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын жарым финалында түндүк кореялык Йонг Сим Римди 8:0 эсеби менен утуп, финалга чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш федерациясынын (UWW) расмий сайтында көрсөтүлдү.
Казакстандын Нур-Султан шаарында күрөш түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Ал Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо берчү турнир болуп эсептелет.
Спортчу алгачкы кармашында мексикалык Алехандра Ромеро Бонильяны 8:0 эсеби менен утса, 8/1 финалда япониялык Юкако Каваини таза жеңиш менен жеңген. Ал эми чейрек финалда украиналык Юлия Ткачты 9:6 эсеби менен жеңип, Олимпиада оюндарына лицензия алган.
Эске салсак, ири турнир 14-сентябрда башталган, эми 22-сентябрда жыйынтыкталат. Буга чейин грек-рим күрөшүнүн балбандары күчүн сынап, Атабек Азисбеков гана бешинчи орунду алып, Токио Олимпиадасына жолдомо алды.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. 21-мартта Нооруз майрамына карата жана Болот Шамшиев, Темир Дүйшөкеев, Болот Шерниязовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдешке Казакстан, Афганистандан чакырылган командалар келбей турган болду. Бул тууралуу аталган спорттун Улуттук федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, буга эпидемиологиялык абал жана чек арадагы чектөөлөр себеп болгон.
"Казакстан менен Афганистандан чакырылган командалар эпидемиологиялык абалга байланыштуу оюнга даярданып жетише албай калышты. Ошондуктан келбей турганын билдиришти. Биз аларды өзүнчө мелдеш уюштуруп чакырабыз. Чектөөлөргө байланыштуу чек аралардагы маселелер да буга себеп болду. Чек ара качан ачылары белгисиз болчу. Кыргызстандын президентинин Казакстанга жасаган мамлекеттик сапарынан улам гана чек арада чектөө бир аз жеңилдеди", — деди ал.
Өлкөнүн Көк бөрү боюнча улуттук федерациясы аталган турнирге Казакстан жана Афганистандан командаларды чакырган болчу. Нооруз мелдешине карата чет жактардан команда чакыруу чечими федерациянын 2021-жылга карата каралган календарлык планында кабыл алынган.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата жыл сайын өтүүчү көк бөрү боюнча мелдеш быйыл көк бөрү легендалары Болот Шерниязов, Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналган “Ачык чемпионат" деген аталыш менен уюштурулат. Бул тууралуу аталган спорттун Улуттук федерациясы билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ат оюндары 13-21-март күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтмөкчү. 12-мартта чүчү кулак тартылат.
"Нооруз - 2021 турнири аталган улуттук оюндун легендалары Болот Шерниязов, Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналган ачык чемпионат катары өткөрүлөт. Бул Көк бөрү федерациясынын башкармалыгында чечилген", — деп айтылат маалыматта.
Быйылкы мелдешке 26 команда катышары күтүлүүдө, оюндар тайпалык этаптан башталат.
Кыргызстандын Көк бөрү боюнча улуттук федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган мелдешке Казакстандан команда чакырылганын билдирген.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Шейшемби, 9-март күнү, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл жергесинде +6...+11, ал эми Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында +15...+17 жана Ош калаасында +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.