Айсулуу Тыныбекованын финалга чейинки жолу. Беттештердин толук видеосу

© Фото / Алия СамидинЧемпионата мира по спортивной борьбе в Астане. Женская борьба до 62 кг
Чемпионата мира по спортивной борьбе в Астане. Женская борьба до 62 кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 20-сентябрда, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Нур-Султанда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Бириккен күрөш уюмунун (UWW) Youtube-каналында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованын Нур-Султандагы дүйнө чемпионатынын финалына чейинки беттештеринин видеосу жүктөлдү.

Балбан алгачкы кармашында мексикалык Алехандра Ромеро Бонильяны ишенимдүү түрдө утту. Эсеп 8:0 болгон.

8/1 финалда япониялык Юкако Каваинин далысын килемге тийгизип, таза жеңиш менен жеңүүчү болду. Белгилей кетсек, Каваини Тыныбекова быйыл Кытайда өткөн дүйнө чемпионатынын финалында 8:5 упай эсебинде утуп, чемпион болгон.

Ал эми балбан чейрек финалда украиналык Юлия Ткачты 9:6 эсеби менен жеңип, Олимпиада оюндарына лицензия алды.

Мелдештин жарым финалында түндүккореялык Йонг Сим Римди 8:0 эсеби менен жер каратып, финалга чыкты. Тыныбекова муну менен чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык кыз болду.

Бүгүн, 20-сентябрда, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Нур-Султанда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт. Анын атаандашы былтыр дүйнө чемпионатын жеңген болгариялык Тайбе Юсейн болмокчу. Sputnik кыргызстандык спортчунун атаандашы тууралуу маалыматтарды чогулткан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0