Сооронбай Жээнбеков балбан Айсулуу Тыныбекованы телефон чалып куттуктады

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова менен. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык балбан болгариялык спортчу менен кез келип, жеңишке жетти. Ага чейин төрт атаандашын утуп алган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова менен телефон аркылуу сүйлөшүп, куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Ушул күнгө да жеттик! Тыныбекованын жеңишинен кийинки сөзү видеодо - Sputnik Кыргызстан
Бул күндү 10 жыл күткөм! Тыныбекованын жеңишинен кийинки видеосу
Белгилей кетсек, чемпионат Нур-Султан шаарында өтүп, кыргызстандык балбан финалдык бөлүктө болгариялык спортчу Тайбе Юсейнди 5:3 эсеби менен утуп алды. Тыныбекова Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын алган алгачкы спортчу болуп калды.

Президент Тыныбекова менен сүйлөшүп жатып, анын жеңиши жалпы кыргыз элинин сыймыгы экенин белгиледи.

Өз кезегинде чемпион кыз президентке куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, беттештерге чыкканда мекендештеринин колдоосун сезип турганын айтты. Тыныбекова өлкө башчысына жеңишин өлкөгө жана жалпы кыргызстандыктарга арнай турганын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0