ыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс. Архив

Футболчу Виталий Люкс үйлөнгөндөн кийин Кыргызстанда калышы мүмкүн

350
(жаңыланган 17:17 07.10.2019)
Спортчу учурда Бишкекте. Ал 2022-жылы боло турчу дүйнө чемпионатынын тайпалык тандоо турунун алкагында Мьянма командасы менен болчу беттешке даярдык көрүүдө.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс Кыргызстандан сүйүктүүсүн тапса бул жакта калуу ниети бар экенин айтты.

Мындай пикирин 30 жаштагы футболчу "Немистердин элдик кеңеши" коомдук бирикмеси тарабынан Бишкекте уюштурулган жолугушууда билдирди. Ага курама команданын жарым коргоочусу Эдгар Бернхардт дагы катышкан. Футболчулар учурда Бишкекте, алар 2022-жылы боло турчу дүйнө чемпионатынын тайпалык тандоо турунун алкагында Мьянма менен боло турчу беттешке даярдык көрүүдө.

Жыйынга келгендер Люкстан Кыргызстандын курама командасы менен иштешүү аяктагандан кийин эмне кыларына, карьерасына жана Кыргызстанда калар-калбасына кызыгышкан.

"Азырынча Германияга кетем. Бул жактан кыз таап үйлөнүп калышым деле мүмкүн", — деди Люкс.

Андан сырткары, Азия кубогунда Филиппиндер менен болгон беттеште хет-трикти (үч гол киргизүү) кантип жасаганын сурашты.

Люкс өз кезегинде ал күн жакшы болгондуктан бардыгы жөнөкөй эле ишке ашканын айтты.

350
Белгилер:
футбол, Виталий Люкс, Кыргызстан
Тема боюнча
Футболчу Виталий Люкс дарбазачынын айласын кетирген видео
Хет-трик жасаган Виталий Люкс тууралуу эмне белгилүү
Реслингтин мушкерлери

Мексикалык реслер оюн учурунда жүрөгү кармап мерт болду. Видео

136
26 жаштагы спортчу адегенде бир катар натыйжалуу ыкмаларды жасаган. Кийин атаандашынын удаа-удаа соккуларына кабылып, кокусунан эле рингге кулап жан берген.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Мексикалык реслер, "Үлпүлдөк ханзаада" каймана аты бар Луис Анхель Салазар рингде оюн учурунда жүрөгү кармап каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

​26 жаштагы спортчу адегенде бир катар натыйжалуу ыкмаларды жасаган. Кийин атаандашынын удаа-удаа соккуларына кабылып, кокусунан эле рингге кулаган. Оюндун катышуучулары аны кезектеги аракеттерди жасап жатат деп ойлоп, беттешти уланта беришкен.

Нокауттан комага түшүп калган боксчу каза болду

Рингдеги калыс муну байкап калып, дароо оюнду токтоткон. Заматта келген тез жардам тобу да Салазардын өмүрүн сактап кала алган эмес.

Промоушен жана бул жааттагы кесиптештери спортчунун үй-бүлөсүнө көңүл айтышкан.

Реслинг — театралдаштырылган спорттук шоу.

136
Белгилер:
өлүм, беттешүү, мушкер, Мексика
Тема боюнча
Сулата тээп... UFC мушкеринин укмуштуудай нокаутунун видеосу
Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) коомчулук менен байланыш кызматы россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив

Нурмагомедов менен Гэтжинин маалымат жыйын өткөрчү күнү айтылды

108
(жаңыланган 10:02 20.10.2020)
Спортчулар 24-октябрда "Мушкерлер аралы" спорт жайында өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттешинде кездешет.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) коомчулук менен байланыш кызматы россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун америкалык спортчу Жастин Гэтжи менен болуучу титулдук беттешинин алдындагы маалымат жыйындын күнүн атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Спортчулар 24-октябрда Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралы" спорт жайында өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттешинде кездешет.

Марада учурда Нурмагомедов ээлик кылган промоушендин жеңил салмактагы чемпиондук кур турат.

Эң мыкты ыкмалары камтылган! Хабибдин турнир алдындагы проморолиги чыкты

Маалым болгондой, мушкерлер менен суроо-жооп жыйыны 21-октябрда, шаршемби күнгө, белгиленген. Иш-чара Бишкек убактысы боюнча 19:00дө башталат. Ал UFC уюмуна караштуу бардык маалымат ресурстарда түз эфирде акысыз көрсөтүлөт.

108
Белгилер:
маалымат жыйын, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Ооруга карабай... Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашына эл келиши мүмкүн
UFC: Хабиб көз караштар таймашында жеңилип калды. Тамашалуу ролик
ИИМ кызматкери. Архив

Милиция БШК мүчөлөрүн эмнеге суракка чакырды? ИИМдин жообу

0
(жаңыланган 18:12 21.10.2020)
Учурда ИИМдин тергөө кызматы 5-6-октябрь күндөрү Бишкектеги массалык башаламандык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы Борбордук шайлоо комиссиясындагы абал тууралуу билдирүү таратып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында милиция күбөлөрдү суракка алып келүүгө милдеттүү экенин маалымдады.

Ага ылайык, учурда ИИМдин тергөө кызматы 5-6-октябрь күндөрү Бишкектеги массалык башаламандык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат. Бул иш Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү ("Массалык башаламандык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"Массалык башаламандыкка түрткү болгон себептерди аныктоо максатында ИИМдин криминалдык милиция кызматы Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүн күбө катары суракка алуу үчүн кабарлама берүүнү тапшырган", — деп айтылат маалыматта.

Бийлик кантип алмашты? Соңку окуялардагы урунттуу учурлар

Буга чейин ИИМдин кызматкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн суракка алып кетүүгө аракет кылып жатканы кабарланган.

0
Белгилер:
күбө, митинг, сурак, БШК, ИИМ
Тема боюнча
БШК бул жолку шайлоого канча каражат кетерин кабарлады
БШК: милиция биздин мүчөлөрдү суракка алып кеткени жатат