Австралиялык мушкер Надя Кассим UFC уюмунун алкагындагы беттеште арамзалана коём деп каршылашынан муш жеди.

Мушкер аял арамзаланам деп кайра өзү муш жеди. Видео

2678
(жаңыланган 11:55 08.10.2019)
Австралиялык мушкер түштүккореялык Джи Йон Ким менен кез келди. Ал каршылашына кол берип учурашымыш болуп туруп бир тепкен.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Австралиялык мушкер Надя Кассим UFC уюмунун алкагындагы беттеште арамзалана коём деп каршылашынан муш жеди.

The Sun порталынын жазганына караганда, окуя Австралиянын Мельбурн шаарында өткөн UFC 243 турниринде болгон.

Беттеш башталар алдында Кассим каршылашына кол берип учурашымыш болуп туруп бир тепкен. Бирок анын арамзалыгы ага пайда алып келген эмес. Тескерисинче, Джи Йон Ким бир секунддан кийин эле аны нокдаунга кетирген.

​Беттеш жалпы жонунан эки раундга созулуп, австралиялык спортчу техникалык нокаут менен жеңилип калды.

​Ушуну менен кореялык спортчу UFC уюмунда үчүнчү ирет жеңишке жетишти. Ал буга чейин Антонина Шевченко менен кармашып утулуп калган.

2678
Белгилер:
мушкер, Түштүк Корея, Австралия, UFC
Тема боюнча
Боксчу кыз каршылашын өбө коём деп жаакка жеди. Спортчулардын араздашкан видеосу
Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Майк Тайсон. Архивдик сүрөт

Майк Тайсон футболкасын айрып, массалык мушташка себепчи болду. Шоудагы видео

195
(жаңыланган 20:17 28.05.2020)
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Тайсон UFC уюмунун мурунку чемпиондору менен биргеликте спорттук жана актёрлук элементтер коштогон шоуга катышкан.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Майк Тайсон All Elite Wrestling Dynamite аталышындагы рестлинг-шоуда мушташ чыгарды. Видео BR Wrestling Twitter-аккаунтуна жарыяланды.

Тайсон UFC уюмунун мурунку чемпиондору Витор Белфорт, Генри Сехудо жана Рашад Эванс менен биргеликте Жексонвилл шаарында өткөн шоуга катышкан.

​Алар шарт боюнча бири-бирин чучукка жеткен сөздөр менен тамашалап, ачууларына тийип, тиктешишкен. Бир убакта Тайсон футболкасын айрып, рестлинг жылдызы Крис Джерикону түртүп жиберген.

​Экөөнүн түртүшкөнүн көргөн жанындагылар да бири-бирине жаалданып, массалык мушташ чыгарып жиберишкен. Бирок боксер менен рестлерди арачалап калгандар да болгон. Бул рестлинг спортундагы мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп саналат.

Апрелдин аягында Тайсон спортко кайтуу ниетин билдирип, жардамга муктаждарга кол сунуу үчүн кайрымдуулук беттештерге катышышы мүмкүндүгүн айткан.

195
Белгилер:
видео, мушташ, бокс, Майк Тайсон
Тема боюнча
Байкатпай урганда... Бокстагы эң мыкты нокауттун видеосу

Жаакка муштап, көмкөрөсүнөн түшүрүп... UFC уюмундагы ыкчам жеңиштердин видеосу

139
Турнирине катышуу ар бир спортчунун кыялы болгон Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) өзүнүн тарыхындагы чагылгандай тез аяктаган жеңиштердин видеосун топтоп чыгарды.

Тасма промоутерлик компаниянын расмий YouTube-каналына жарыяланды.

Роликтин башында уюмдун тарыхында эң аз убакытта нокаут менен жеңишке жеткен мушкер Хорхе Масвидалдын беттеши көрсөтүлөт. Ал былтыр атаандашы Бен Аскренди секирип келип тизеси менен башка тээп, беш секунданын ичинде уткан. Буга чейин эң ыкчам нокаут 1996-жылы катталып, мушкерлердин кармашы сегиз секундага гана созулган.

Андан кийинки кадрда ирландиялык атактуу мушкер Конор Макгрегор. 13 секунда ичинде бразилиялык мушкер Жозе Алдуну жаакка муштап, чемпиондук курун тартып алганына күбө болосуздар.

Кыздардан Ронда Роузи 14 секунданын ичинде атаандашы Кэт Зинганонун колун кайрып утуп алган. Роузи UFC уюмунда чемпиондук курду тагынган алгачкы аял мушкер. Анын арты менен көп кыз-келиндер аралаш мушташка келгени айтылат. Соңку эки беттешинде нокаут менен утулгандыктан, карьерасын жыйынтыктаган.

Мындан сырткары уюмдун учурдагы жана экс-мушкерлеринин ар кандай ыкмалар менен ыкчам убакытта жеңишке жеткенин көрө аласыздар.

139
Белгилер:
видео, нокаут, жеңиш, UFC
Тема боюнча
Конор мыкты мушкерлерди атап, ага Хабибди кошкон жок. Атаандашынын жообу
Кэтлин Чукагян менен эми Антонина Шевченко беттешмей болду
Биометрикалык паспорт. Архивдик сүрөт

Географияны мыкты билген үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

0
(жаңыланган 23:44 28.05.2020)
Паспорт алган жаран ал үчүн документ алуу өтө маанилүү экенин айткан. Эми ал жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Социалдык тармактарда "географияны жакшы билген үй-жайсыз адам" катары таанылган кыргызстандык Кайрат Курманалиев паспорт алды.

Анын документ алып, баарына ыраазычылык билдирген видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Кайратты белгилүү кылган видео социалдык тармактарда бир ай мурун тараган. Аны комендатуранын кызматкерлери да жардам берүү максатында издешкен. Убакыттын өтүшү менен ал сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштап, интернет колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.

0
Белгилер:
депутат, селсаяк, Алтынбек Сулайманов, паспорт
Тема боюнча
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди