Анан кантип ири мелдештер өтөт... Көзгө басар спорттук объектилердин абалы

© Фото / пресс-служба ФФКРПодготовка стадиона Долона Омурзакова в Бишкеке к матчу Кыргызстан — Мьянма
Подготовка стадиона Долона Омурзакова в Бишкеке к матчу Кыргызстан — Мьянма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчулардын эл аралык аренада ийгилик жаратышына спорттук объектилердин болушу маанилүү роль ойнойт. Стадион, ипподром, түрдүү комплекстер алардын толук кандуу машыгуусуна шарт түзүп берери маалым.

Кыргызстанда ири спорттук объектилердин эскилиги жеткени жашыруун эмес. Айрымдарынын курулганына бир кылымга чукулдап калды. Оңдоп-түзөө иштери дайыма толук кандуу жүргүзүлбөйт. Жаңы салынган спорттук комплекстер чанда кездешет.

Дене тарбия жана спорт комитетин биринчилерден болуп жетектеген Дөлөн Өмүрзаковдун архивдик сурөтү - Sputnik Кыргызстан
Жетим өсүп жетилген. Башкы стадионго аты берилген Дөлөн Өмүрзаков деген ким?
Быйыл Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунун 1/8 финалына чыккандан кийин жаңы футболдук стадион куруу маселеси көтөрүлө баштаган. Футбол адистери өлкөдөгү бир дагы стадион эл аралык талапка жооп бербей турганын айтып келишет.

Мамлекет соңку кезде жаңы спорттук жайларды курууга көңүл буруп жаткандай. Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө спорт сарайы, футбол жана хоккей стадиону салына турганын убадалаган. Ага өкмөт 30 гектар жер бөлүнүп берери да айтылды

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги жана шаар мэриялары менен биргеликте өлкөдөгү ири спорттук жайлардын абалына көз чаптырды.

Спорт ордосу

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы
Анан кантип ири мелдештер өтөт... Көзгө басар спорттук объектилердин абалы - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы 1971-1978-жылдар аралыгында курулган. Ал эми 1979-жылы жападан жалгыз 50 метрлик бассейн ачылган. Учурда бассейн иштебей турат. Спорт ордосунун аянты 25 700 чарчы метрди түзөт, залга 3000 көрүүчү батат. Эгер соңку ремонт иштерине токтоло турган болсок, 2016-жылы фойэ, вестибюль, шып жана имараттын чатыры оңдолгон. Андан тышкары, жыйындар залы ачылып, белгилүү спортчулардын стенддери орнотулган. Ал эми быйыл концерттик залы иретке келтирилүүдө. Спорт ордосунда бир гана спорттук мелдештер эмес, маданий иш-чаралар дагы өтүп турат.

Борбордук стадион

© Sputnik / Михаил ДудинБишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадион
Анан кантип ири мелдештер өтөт... Көзгө басар спорттук объектилердин абалы - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадион

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадион 1939-1941-жылдар аралыгында курулган. Ал үч ирет ремонттолгону маалым (1963-1980-2000). Аянты төрт миң гектарга жакын. 23 миң көрүүчүгө ылайыкташылып салынган стадиондо учурда 18 миңге чукул отургуч бар. Башында "Спартак" деп аталса, кийинчерээк спорт комитетин отуз жыл башкарган Дөлөн Өмүрзаковдун аты ыйгарылган.

Ош шаарындагы стадион

© Sputnik / Михаил ДудинАхматбек Сүйүнбаев атындагы стадион
Анан кантип ири мелдештер өтөт... Көзгө басар спорттук объектилердин абалы - Sputnik Кыргызстан
Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадион

12 миң көрүүчүгө ылайыкталган Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадион 1960-жылы курулган. Ал эми быйыл, 2019-жылы, спорттук жай толугу менен реконструкцияланды. Аянты төрт гектардан ашык. Стадиондун дарбазасы, тепкичтер, VIP-зал, чуркоо тилкеси, ичиндеги жуунуучу жай жана ажатканасы оңдоодон өткөн. Мындан тышкары, сынган отургучтар алмаштырылып, стадиондун административдик имаратынын сырты оңдолгон. Көрүүчүлөр үчүн өзүнчө жаңы ажаткана да курулган. Стадион капиталдык оңдоодон акыркы жолу 2000-жылы өттү.

Чолпон-Атадагы ипподром

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевЧолпон-Атадагы ипподром
Анан кантип ири мелдештер өтөт... Көзгө басар спорттук объектилердин абалы - Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атадагы ипподром

Аталган курулуш 2016-жылы Чолпон-Ата шаарындагы Бактуу-Долоноту айылында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына аз калганда салынган. Аянты 30,6 гектарды түзүп, 10 миң адамга ылайыкталган. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Соңку убакта ат оюндары дал ушул стадиондо өтүп келет.

"Төлөйкан" ат майданы

© пресс-служба ГАМФКиС"Төлөйкан" ат майданы
Анан кантип ири мелдештер өтөт... Көзгө басар спорттук объектилердин абалы - Sputnik Кыргызстан
"Төлөйкан" ат майданы

Ипподром Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылында жайгашкан. 1930-жылы курулуп, акыркы ирет 1985-жылы баштан-аяк оңдолгон. Аянты 60,6 гектар. Курулуш 5000 адамга ылайыкталган. 

"Ак кула" ипподрому

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨлкөдөгү ири ипподромдордун бири — "Ак кула"
Анан кантип ири мелдештер өтөт... Көзгө басар спорттук объектилердин абалы - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдөгү ири ипподромдордун бири — "Ак кула"

Өлкөдөгү ири ипподромдордун бири — "Ак кула". Өзүнө 3000 көрүүчүнү батыра алат. 1979-жылы Фрунзе шаардык кеңешинин аткаруучу комитетинин чечими менен ипподром үчүн 57,4 гектар жер бөлүнгөн.

Кыргызстанский борец греко-римского стиля Акжол Махмудов - Sputnik Кыргызстан
Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат?
Ат майдан өкмөттүн токтому менен 1995-жылы мэриянын карамагына өткөн. Бирок 2013-жылы бул аракетти сот мыйзамсыз деп таап, 2017-жылы муниципалитет кайрадан ат майданды кайтарып алган.

Соңку жылдары "Ак кула" ипподрому реконструкцияланат деп айтылганы менен так бир иштер жүрө элек. Ат оюндары Ысык-Көлдөгү жана Оштогу ипподромдордо өтүүдө. Бишкек мэриясына кайрылганыбызда, учурда "Ак куланын" архитектуралык долбоорун иштеп чыгууга конкурс өткөрүлгөнүн билдиришти. Ипподром ошонун жыйынтыгы менен оңдолору айтылды.

"Телтору" ат майданы

© пресс-служба ГАМФКиСИпподром "Телтору" в Сузакском районе
Анан кантип ири мелдештер өтөт... Көзгө басар спорттук объектилердин абалы - Sputnik Кыргызстан
Ипподром "Телтору" в Сузакском районе

Спорттук объект Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Ынтымак айылында жайгашкан. 2009-жылы курулуп, ошондон бери бир да ирет ремонт иштери жасала элек. Аянты 22,5 гектар, 3500 адамга ылайыкталган.

Каракол шаардык ат майданы

© пресс-служба ГАМФКиСКаракол шаардык ат майданы
Анан кантип ири мелдештер өтөт... Көзгө басар спорттук объектилердин абалы - Sputnik Кыргызстан
Каракол шаардык ат майданы

Ипподромдун курулуш иши 1893-жылы башталып, 1926-жылы трибунасы бүткөн. Акыркы ирет 1958-жылы ремонттолгон. Аянты 45 гектардай, үч миң кишиге ылайыкташкан. Бирок учурда адам отурган жерлери жарактан чыккан. 2015-жылы ат майдан Спорт агенттигине өткөрүлүп берилген. Буга чейин аталган ипподром Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин балансында болчу.

Таластагы ипподром

© пресс-служба ГАМФКиСРайкан Алканов атындагы ат майданы
Анан кантип ири мелдештер өтөт... Көзгө басар спорттук объектилердин абалы - Sputnik Кыргызстан
Райкан Алканов атындагы ат майданы

Райкан Алканов атындагы ат майдан быйыл жаңы курулду. Ал Талас шаарындагы Улуттук көчмөндөр оюндарына жакын бүткөрүлдү. Аянты 41 гектар, өзүнө 2000 кишини батырат.

"Манас" спорт комплекси

© Фото / пресс-служба мэрии Кара-БалтыКара-Балта шаарындагы спорттук жай
Анан кантип ири мелдештер өтөт... Көзгө басар спорттук объектилердин абалы - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балта шаарындагы спорттук жай

Кара-Балта шаарындагы спорттук жай 1956-жылы курулган. Футболдук стадиону 3000 адамды батырат. Аянты 10 миң гектар. Спорт комплекстин ичинде көптөгөн секциялар жайгашкан. Бокс, күрөш залдарынан сырткары үстү жабык жайкы жана кышкы бассейн бар. Бир бассейн оңдолуп бүтсө, экинчиси учурда реконструкцияланып жатат.

"Газпром" ден соолукту чыңдоо борбору

Спорттук машыгуулар жана мелдештер "Газпром" ишканасы тарабынан салынган "Газпром — балдар үчүн" спорт комплексинде да өткөрүлүп келет. Аталган спорттук жайлар учурда Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө бар. План боюнча 16 спорт комплекс курулары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0