Кыргызстандык жарым коргоочу Эдгар Бернхардт. Архив

Кыргызстандык футболчулар алгачкы 10 мүнөттө атаандаштын дарбазасына эки гол киргизди

410
(жаңыланган 21:21 10.10.2019)
Кыргызстандык футболчулар дүйнө чемпионатынын тандоо турунун биринчи оюнунда 0:1 эсеби менен тажикстандыктарга жеңилип калган. Бул экинчи оюн.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Мьянмага каршы оюнда эсепти ачты.

Мелдеш борбордогу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.

Алгачкы он мүнөттүн ичинде кыргызстандык жарым коргоочу Эдгар Бернхардт эки гол киргизген.

Белгилей кетсек, бул оюн 2022-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2023-жылкы Азия кубогунун тандоо турунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Кыргызстандын курама командасы F тайпасына туш келип, Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен ойной турган болгон.

Биринчи оюнда кыргызстандыктар 0:1 эсеби менен тажикстандыктарга жеңилип калганы маалым.

410
Белгилер:
гол, беттешүү, футбол, Мьянма, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандын футбол командасы тажикстандыктарга жеңилип калды