КР футболчулары эми ким менен качан ойнойт

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбольный матч Кыргызстан — Мьянма в рамках отборочного раунда ЧМ-2022
Футбольный матч Кыргызстан — Мьянма в рамках отборочного раунда ЧМ-2022 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын командасы атаандашынын талаасында күчүн сынайт. Ал эми бир айдан кийин боло турган оюн кайра Бишкекте өтөт.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын кийинки атаандашы — Монголия.

2022-жылы өтчү дүйнө чемпионаты менен 2023-жылы боло турган Азия кубогунун тандоо турунун тайпалык этабынын үчүнчү оюну 15-октябрь күнү Улан-Батор шаарында болмокчу. Баса, монголиялыктар япондук атаандаштарына 6:0 эсеби менен утулуп калган. Ал эми 10-октябрь күнү КР футболчулары Мьянманын командасын 7:0 менен жеңип алды.

Спортчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
60ка чукулдап калган кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатынан күмүш байге алды
Эки оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстан үч упайга ээ болуп, тайпадагы үчүнчү сапты ээледи. Биринчи орунда Япония (6 упай), экинчиде Тажикстан (6 упай, бирок киргизилген топторунун санында айырма бар) турат. Төртүнчү сапты үч упай алган Монголия ээлесе, азырынча куржунунда бир да упай жок Мьянма тизмени жыйынтыктады.

Үчүнчү турда япониялыктар тажикстандык атаандаштары менен кез келет. Ал эми кыргызстандыктар монголиялыктарды утуп алган учурда улуттук команда экинчи сапка көтөрүлөт.

Монголиядан келгенден кийин КР футболчулары Япония командасын кабыл алат. Азиянын күчтүү командаларынын бири менен жергиликтүү спортчулар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешет.

Кыргызстан — Мьянма оюнунун кызыктуу ирмемдерин атайын сиздер үчүн тартып алганбыз.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0