Жеңиш менен кайтабы? Кыргызстандын футболчулары Монголияга учуп кетти

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күндөн кийин улуттук команда Монголия менен беттешет. Ага чейин Улан-Батордо машыгып турушат.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголиянын Улан-Батор шаарына учуп кетти. Бул туурасында Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук команда 2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Монголиянын футболчулары менен беттешмекчи. Оюн 15-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.00дө (Бишкек убактысы 14.00) башталат.

Кыргызстандын футболчулары буга чейин Бишкекте өткөн мелдеште Мьянманын курама командасын 7:0 эсебинде утуп, тандоо турундагы алгачкы жеңишин камсыздаган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0