Бишкекте окуучулар жана студенттер арасында жеңил атлетика боюнча турнир өттү

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЛегкая атлетика. Чемпионат мира. 9-й день. Вечерняя сессия
Легкая атлетика. Чемпионат мира. 9-й день. Вечерняя сессия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш 26-октябрда болот. Жеке таймаштагы жеңүүчүлөр менен байге ээлерине медаль, диплом жана белектер берилет. Ал эми биринчи орунду алган командалар жана алдыңкы орун ээлери кубок жана түрдүү даражадагы дипломдор менен сыйланат.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Бишкектеги Кара-Жыгач токоюнда күзгү жеңил атлетика турнири өтө тургандыгын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 26-октябрда өтөт. Ага окуу жайдын студенттери менен мектеп окуучулары катышат. Турнир жаштар арасында спортту жайылтууга багытталган.

Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө кыргыз күрөшү боюнча Азия биринчилиги болот
Мелдеш үч тайпада өтөт:

I группа — 9-11- класста окуган беш кыз жана беш бала 1000 метр чуркайт;

II группа — орто кесип окуу жайларында окуган 10 кыз жана 10 бала 1000 метр чуркайт;

III группа — жогорку окуу жайда окуган 10 кыз 1000 метр, ал эми 10 бала 2000 метр жүгүрөт.

Жеке таймаштагы жеңүүчүлөр менен байге ээлерине медаль, диплом жана белектер берилет. Биринчи орунду алган командалар кубок жана биринчи даражадагы диплом менен сыйланат.

Мелдешти өткөрүү үчүн Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү дирекциясынан 118 миң сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0