Жаткан боюнча ээкке тээп сулатты. Беттештеги өзгөчө нокауттун видеосу

© AP Photo / Gregory PayanUFC 211 в Далласе
UFC 211 в Далласе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Йоанна Енджейчик менен Мишель Уотерсондун негизги беттешинен америкалыктардын мушташы кызыктуураак болгону айтылат.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. АКШнын Тампа шаарында өткөн UFC Fight Night 161 турниринде Нико Прайс менен Джеймс Виктин кармашы кеченин бүйүр кызыткан беттеши деп табылды.

​Бул күнү негизги беттешке Йоанна Енджейчик менен Мишель Уотерсон чыккан. Бирок америкалыктардын мушташы андан да кызыктуураак болгону айтылат. Кармаштын видеосун FOX Sports телеканалы жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Chrissy Anderson (@chrissy.anderson.50)

Беттеш биринчи раундда эле укмуштуудай нокаут менен аяктаган. Прайс дароо эле чабуулга өтүп, каршылашын бутка уруп, партерде катуу иштей баштаганын көрүүгө болот. Ал эми Вик каршы турууга аракет кылып атаандашынын үстүнө чыкканда байкабай катуу сокку жеп калды. Жерде жаткан Прайс тепкенде сокку ээгине тийип, сулап түшкөн.

Мындай беттеш үчүн Нико Прайс турнирдин уюштуруучулары тарабынан өзүнүн гонорарынан сырткары 50 миң доллар акчалай сыйлык алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0