Азаматтар! Кыргызстандын футболчулары монголиялыктарды утуп алды

© REUTERS / SUHAIB SALEMКубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ
Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык спортчулар монголиялыктар менен 2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында беттешти. Биринчи таймда команда атаандаш тарапка эки гол киргизген. Атаандаштар экинчи таймда эсеп ачышты.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Монголиянын футболчуларын 2:1 эсебинде жеңди.

Мелдеш Улан-Батор шаарында болду. Биринчи таймда улуттук курама командадан биринчи топту Гүлжигит Алыкулов, экинчи голду Мирлан Мурзаев киргизе алды. Экинчи таймда атаандаштар эсебин ачып, бир топ киргизүүгө үлгүрүштү.

Кыргызстандык спортчулар монголиялыктар менен 2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында беттешти.

Курама команда буга чейин Бишкекте өткөн мелдеште Мьянманын футболчуларын 7:0 эсебинде утуп, тандоо турундагы алгачкы жеңишин камсыздаган. Биринчи оюнда кыргызстандыктар 0:1 эсеби менен тажикстандыктарга жеңилип калганы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0