Кыргызстандын футбол командасы өз тайпасында 2-орунга чыкты. Таблица

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана
Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын кийинки атаандашы болгон Япония курама командасы Тажикстандын футболчуларын жеңип, өз тайпасындагы биринчиликти бербей келе жатат.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Япониянын курама командасы Тажикстандын футболчуларын 3:0 эсебинде утуп алды. Оюн кечээ, 16-октябрда, Душанбе шаарында өттү.

F тайпасындагы командалардын көрсөткүчү
Кыргызстандын футбол командасы өз тайпасында 2-орунга чыкты. Таблица - Sputnik Кыргызстан
F тайпасындагы командалардын көрсөткүчү

Белгилей кетсек, Кыргызстандын командасы да Улан-Батордо Монголияны 2:1 эсеби менен жеңген.

Кыргызстандын футболчулары Мьянманы баш көтөртпөй жеңгенде... Мелдештин ирмемдери - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футболчулары Мьянманы баш көтөртпөй жеңгенде... Мелдештин ирмемдери
Муну менен F тайпасында (2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандоонун экинчи раунду) Япония 9 упай, Кыргызстан менен Тажикстан 6 упай, Монголия 3 упайга ээ болсо, Мьянманын бир да упайы жок. Азырынча улуттук команда Тажикстандан жогору турат. Анткени биринчи голдордун айырмасы каралып, андан соң жеке беттешүүдөгү көрсөткүчтөр эсептелет.

Буга чейин кыргызстандыктар Душанбеге барып (0:1 эсебинде) Тажикстанга утулуп калган. Ал эми Бишкекте Мьянманы 7:0 эсебинде утуп тарыхты жаңылаган.

Кыргызстандын командасы эми 14-ноябрда өз талаасында Япониянын футболчулары менен күч сынашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0