FIFA президенти Кыргызстанга келүүгө ниеткер

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЭл аралык футбол федерациясынын (FIFA) президенти Жанни Инфантино. Архив
Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) президенти Жанни Инфантино. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Монголияда Эл аралык футбол федерациясынын башчысы менен жергиликтүү федерациянын президенти сүйлөшүү жүргүзгөн.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) президенти Жанни Инфантино жакын арада Кыргызстанга келүү ниетин билдиргенин КРдин Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футбол командасы өз тайпасында 2-орунга чыкты. Таблица
Кыргызстандагы футбол уюмунун башчысы Канатбек Маматов Монголиядан FIFA президенти Жанни Инфантино менен жолукту. Белгилей кетсек, улуттук команда Улан-Батордо Монголиянын футболчулары менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Жетекчилер мындан аркы кызматташуунун жолдорун талкуулап, FIFA башчысы Кыргызстанда футбол өнүгүп жатканын белгилеген.

Маматов ошондой эле Эл аралык футбол федерациясынын социалдык долбоорлор боюнча фондусунун башчысы Юрий Жоркаефф менен жолуккан.

Белгилей кетсек, Жанни Инфантино 2014-жылы Кыргызстанга келген. Ал маалда FIFA президенти Йозеф Блаттер болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0