Кыргызстан командасынын 2 жеңиши FIFA рейтингине таасир этеби. Божомол

© REUTERS / SUHAIB SALEMКубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ
Кубок Азии по футболу. 1/8 финала. Кыргызстан — ОАЭ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул айда кыргызстандык футболчулар 2022-жылы өтчү дүйнө чемпионатына тандап алуу турунун алкагында эки ирет жеңишке жеткен.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Футбол тууралуу football-rankings.info сайты Кыргызстандын курама командасы октябрь айындагы FIFA рейтингинде үч позицияга көтөрүлөт деп эсептейт.

Бул айда кыргызстандык футболчулар 2022-жылы өтчү дүйнө чемпионатына тандап алуу турунун алкагында эки ирет жеңишке жетти.

Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) президенти Жанни Инфантино. Архив - Sputnik Кыргызстан
FIFA президенти Кыргызстанга келүүгө ниеткер
Ата мекендик команда Бишкекте өткөн оюнда Мьянма командасын 7:0 эсебинде утуп алса, андан соң Улан-Батордо монголиялык атаандаштарын 2:1 менен артта калтырган

Буга чейин көп ирет туура прогноз кылган сайттын маалыматына караганда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бул айда аталган рейтингде үч позицияга көтөрүлүп, 94-орунга чыгат. Упайы 15ке жогорулап, жалпысынан 1 252ге жетмекчи.

Рейтинг 24-октябрь күнү жаңыланат. Буга чейин команда былтыркы жылдын апрель айында эң жогорку көрсөткүчкө (75-орун) жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0