Боец смешанных единоборств Канат Келдибеков под псевдонимом Тайсон во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан

"Тайсон" Келдибеков дүйнөдөгү беделдүү уюм менен келишимин жаңыртты

1447
(жаңыланган 10:24 23.10.2019)
Келдибеков ACA уюмунун алкагындагы келишим боюнча соңку беттешин ушул жылдын 4-октябрында Грозный шаарында өткөрүп, жергиликтүү спортчу Дукваха Астамировду калыстардын чечими менен утуп алган.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Тайсон каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков ACA (Absolute Championship Akhmat — ред.) спорттук уюму менен жаңы келишимге кол койду. Бул туурасында ал Instagram баракчасы аркылуу кабарлады.

"Ассалому алейкум, кыргыз элим. ММА уюмдарынын ичинен дүйнө жүзү боюнча экинчи орунда турган промоушен менен жаңы контракт түздүк. Absolute championship Akhmat уюмунун негиздөөчүлөрүнө жана менеджериме (Марат Бекмуратов) ыраазычылык билдирем. Буйруса, элиме жеңиш тартуулаганга бүт күчүмдү жумшайм", — деп жазды спортчу.

Келдибековдун менеджери Марат Бекмуратов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдиргендей, келишим төрт беттешке түзүлгөн. Мушкердин кийинки мелдеши ноябрь айында Казакстанда өтүшү ыктымал.

Эске сала кетсек, Келдибеков аталган уюмдун алкагында келишим боюнча соңку беттешин ушул жылдын 4-октябрында Грозный шаарында өткөрүп, жергиликтүү спортчу Дукваха Астамировду калыстардын чечими менен утуп алган. 

Тайсон ММА боюнча жалпысынан 13 беттешти утуп, төрт ирет жеңилген. Ал ACA уюму менен 2018-жылы үч беттешке кол коюп, бир жолу утулуп калган.

Аталган уюм дүйнө жүзүндөгү промоушендердин ичинде экинчи орунда турары Мma-oracle сайтында жазылган.  Биринчи орунда UFC турат.

1447
Белгилер:
беттешүү, келишим, уюм, мушкер, Канат Келдибеков, Кыргызстан
Тема боюнча
"Тайсон" кыргыздын калпагын баса кийип атаандашын тике карады. Грозныйдагы видео
"Тайсон" Келдибеков утулуп көрбөгөн чеченстандык спортчу менен беттешет
Бир күндө 4 мушкерди жеңген "Тайсон": беттеште уулум эң чоң мотивация болду
"Тайсон" Келдибековдун кийинки беттеши качан болору айтылды
Атаандашын сүзгүлөп, сес көрсөттү! "Тайсон" Келдибековдун беттеш алдындагы видеосу
Өзбекстандык мушкер Грозныйдагы "Тайсон" катышкан турнирден кийин каза тапты
Япониянын жогорку лигасындагы Иокогама футбол клубунун чабуулчусу Кадзуёси Миура. Архивдик сүрөт

54 жаштагы япон футболчусу жаштар менен жарыша ойноп, рекорд койду. Сүрөт

64
(жаңыланган 17:02 25.09.2020)
Рекордду ардагер-футболчу "Кавасаки Фронтэйл" клубу менен беттеште жасады. Чабуулчу негизги курамда оюнга чыгып, беттештин 56-мүнөтүндө алмаштырылган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Япониянын жогорку лигасындагы "Иокогама" футбол клубунун чабуулчусу Кадзуёси Миура 54 жашында расмий оюнга чыгып, лиганын тарыхында эң улуу футболчу болуп калды. Бул тууралуу РИА Новости аталган клубдун Instagram баракчасына таянып жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 横浜FC公式アカウント (@yokohamafc_official)

Мындай рекордду ардагер-футболчу "Кавасаки Фронтэйл" клубу менен конокто болгон беттеште жасады. Оюнда талаа ээлери 3:2 эсебинде уткан. 54 жаштагы чабуулчу негизги курамда оюнга чыгып, беттештин 56-мүнөтүндө алмаштырылган.

Буга чейинки жетишкендик дагы бир япондук спортчу Масаси Накаямага таандык болгон. Ал 2012-жылы 45 жаш, эки ай жана бир күн жаш курагында "Консадоле Саппоро" клубуна ойногон.

Кадзуёси Миура футболдук карьерасын 1986-жылы Бразилиянын "Сантос" клубунда баштаган. Кийин бразилиялык "Коритиба", "Палмейрас", италиялык "Женоа", загребдин "Динамо" жана башка бир канча командаларда ойногон. Азыркы "Иокогама" командасынын намысын спортчу 2005-жылдан бери коргоп келет. Январь айында ал клуб менен жыл аягына чейин жаңы келишим түзгөн. Бул ардагер-футболчу үчүн профессионалдык карьерасындагы 35-келишим болду.

Дагестан: пенсионер беш саатта 10 килограммга жакын салмак таштаган

Миура 2017-жылдын 6-мартында Япония чемпионатынын экинчи дивизионунда "В-Варен Нагасаки" клубу менен 50 жаш 7 күн курагында оюнга чыгып, легендарлуу англиялык футболчу Стэнли Мэтьюздун жетишкендигин жаңыртып, профессионалдык футболдо жашы эң улуу оюнчу болгон.

Андан алты күн өтпөй Кадзуёси Миура тарыхта профессионалдык деңгээлде гол киргизген эң улуу футболчу болууга жетишкен.

Белгилеп кетсек, азыркы тапта "Иокогаманын" курамында Япония курама командасынын легендарлуу футболчусу Шинсуке Накамура да ойнойт. Ал июнь айында 42ге чыккан.

64
Белгилер:
жаш курак, футбол
Тема боюнча
Роналду да, Месси да жок. УЕФАнын "мыкты футболчусуна" үч талапкер тандалды. Видео
Америка футболунун бет капсыз насаатчысы 100 миң доллар айыпка жыгылды
УЕФАнын суперкубогун жеңген Бавария футбол клубунун оюнчулары

УЕФАнын суперкубогун "Бавария" жеңди. Тагдыр чечкен кошумча гол

127
(жаңыланган 09:30 25.09.2020)
"Ференц Пушкаш" стадионунда болгон оюнга көрүүчүлөр мурдагыдай эле келген. Беттеш алдында 15,5 миң билет сатылганы жарыяланган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Германиянын "Бавария" клубу кошумча берилген убакытта киргизген голу менен испаниялык "Севилия" клубун утуп, УЕФАнын cуперкубогун жеңип алды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайтында айтылат.

Будапешт шаарында өткөн беттеш 2:1 эсебинде Чемпиондор лигасынын жеңүүчүлөрүнүн пайдасына аяктаган. 13-мүнөттө испандыктардан Лукас Окампос 11 метрлик айып тобунан гол киргизип эсепти ачты. "Бавария" клубунан Леон Горецки (34-мүнөт) жана кошумча берилген бөлүктө (104-мүнөт) Хави Мартинес гол киргизген. Бул гол беттештин жана УЕФАнын cуперкубогун жеңүүчү гол болуп калды.

ПСЖдан келген футболчу франциялыктарга гол киргизип, "Баварияны" чемпион кылды. Видео

67 миң орунга ылайыкташкан "Ференц Пушкаш" стадионунда болгон беттеш көрүүчүлөр менен өткөн. УЕФА буга чейин 30 пайыз күйөрман кирүүгө уруксат берген. Беттеш алдында 15,5 миң билет сатылганы жарыяланган.

Бавариялыктардын жарым коргоочусу Томас Мюллер таймаштын мыкты футболчусу деп табылды.

"Бавария" муну менен өз тарыхында экинчи ирет УЕФАнын cуперкубок мелдешин жеңип алды. Буга чейин немецтик клуб бул олжону 2013-жылы алган.

127
Белгилер:
Будапешт, Бавария, футбол
Тема боюнча
Роналду да, Месси да жок. УЕФАнын "мыкты футболчусуна" үч талапкер тандалды. Видео
Жол кырсыкка кабылган унаа. Архивдик сүрөт

Катуу соккудан автоунаа тегеренип кеткен. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу

0
(жаңыланган 21:12 25.09.2020)
Жол кырсыгы 20-сентябрда болуп, андан үч адам жабыркаганы айтылды. Окуянын видеосун материалдан көрүңүздөр.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бишкекте Күйүкова менен Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки автоунаа кагышып, кырсык болгон учур кадрга түшүп калган.

Видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Маалымдалгандай, кырсык 20-сентябрда болуп, анда Volkswagen менен Mazda үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Видеодо көрүнүп тургандай, биринчи автоунаа солго бурулайын деп жатканда артында келе жаткан машина аны катуу сүзгөн. Жыйынтыгында бурулайын деген автоунаа тегеренип кеткен.

Бишкекте багаждан коляска чыгарып жаткан кишини унаа коюп кетип көз жумду

Тез жардам медициналык борбору кабарлагандай, кырсыктан үч адам жабыркаган.

0
Белгилер:
автоунаа, видео, жол кырсык, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Оштогу жол кырсыгында өрт чыгып, беш киши жабыркады. Сүрөттөр
Жол кырсыгы болгон жерге эмнеге инспектор чакыруудан качышат? Эреже, кеңештер