Краковецкий, Шеров баштаган дзюдочулар Абу-Дабидеги турнирге барат

© REUTERS / TORU HANAIКыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий. Архив
Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке өлкө атынан алты спортчу катышат. Кыргызстандык дзюдочулар Юрий Краковецкий менен Болот Токтогонов бир категорияда — 100 килограммдан өйдө салмакта күч сынашмакчы.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмиратында өтө турчу Abu Dabi Grand Slam эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мелдеш 24-26-октябрь күндөрү Абу-Даби шаарында өтөт. Ага өлкө атынан алты спортчу катышмакчы.

  • Артур Те — 66 кг;
  • Владимир Золоев — 81 кг;
  • Эрлан Шеров — 90 кг;
  • Юрий Краковецкий — 100 килограммдан өйдө;
  • Болот Токтогонов — 100 килограммдан өйдө;
  • Улук машыктыруучу — Сергей Мистрюков;
  • Башкы машыктыруучу — Абдужалил Юнусов;

Дзюдочулардын мелдешке барып келүүсүнө Спорт агенттигинин алдындагы олимпиадалык спорт боюнча дирекция 635 миң сом бөлгөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0