Конор Макгрегор Хабиб Нурмагомедовду коркок деди. Хабибдин атасы жооп берди

© REUTERS / Steve Marcus / File PhotoКонор МакГрегор. Архив
Конор МакГрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирландиялык мушкер Москвада өткөн маалымат жыйында журналисттер менен күйөрмандардын суроолоруна жооп берген. Ал Хабиб Нурмагомедов менен сөзсүз реваншка чыга турганын айткан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор Москва шаарында берген маалымат жыйынында россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовду коркок деп атады. Бул тууралуу rsport.ru басылмасы жазды. 

"Ал эч нерсеге татыксыз болгондуктан тобокелге баргандан коркот. Хабиб алы жеткендер менен гана мушташат. Менден качып реваншка чыкпай коёрун билем. Ал аябай коркок. Жеңил салмак категориясына өтө коём деп өлүп кала жаздаган. Бул да болсо коркоктуктун дагы бир көрсөткүчү. Менден качышың мүмкүн, бирок жашынып кала албайсың", — деди Макгрегор маалымат жыйында.

Макгрегордун маалымат жыйында айткандары боюнча Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов өз пикирин билдирди. Анын айтымында, Макгрегор анын баласы менен реванш өткөрүүгө татыксыз.

"Жеңилип калгандан кийин да анын минтип айтып жатканына таң деле калбайм. Эмне десе ошо десин. Биз аны буга чейин урганбыз, эми дагы деле ура беребиз. "Хабиб реванштан коркуп жатат" деп айтыптыр. Бирок реванш деген эмне экенин билесиңерби? Хабиб бир да жолу утулган эмес, анан кайдагы реваншты айтып жатасыңар. Конор үч раунд бою токмок жеп, акыры жер койгулап аман калды. Беттеште бирдей чыккан мушкерлер гана реванш кыла алат. Ал утулуп калган да. Анан кайдагы реванш?" — деп Абдулманап Нурмагомедов суроо салды.

Ирландиялык мушкер 2018-жылы Нурмагомедов менен мушташкандан кийин UFC чемпиону деген курдан кол жууган.

Жаңылыктар түрмөгү
0