Футбол: Япония жана Тажикстан менен болчу беттештер күйөрмансыз өтүшү мүмкүн

Жазылуу
Кыргызстан — Мьянма оюну учурунда фанаттардын бири талаага чуркап чыккан. Мындай эреже бузуудан улам улуттук федерация айып тартары айтылган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкекте боло турган Кыргызстан — Япония жана Кыргызстан — Тажикстан оюндары күйөрмансыз өтүшү мүмкүн экенин Футбол федерациясы билдирди.

2022-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын экинчи тандоо турунун беттештери Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. 14-ноябрда кыргызстандык футболчулар япониялык, ал эми 19-ноябрда тажикстандык атаандаштары менен кез келет.

"Ушу тапта өткөн оюндагы эреже бузуу боюнча FIFA комитетинин чечимин күтүп жатабыз. Кыргызстан — Мьянма беттешинде фанаттардын бири оюн талаасына чуркап чыккан, анын айынан биздин федерацияга айып салынышы күтүлүүдө. Комитет стадиондо болчу оюндарды күйөрмансыз өткөрүү талабын да коюшу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Федерациянын билдирүүсүндө FIFA комитетинин жыйыны 4-ноябрда өтөрү айтылды. Кийинки оюндарга билет тууралуу маалымат ошондон кийин гана белгилүү болот.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын футболчулары FIFA рейтингинде үч тепкич көтөрүлдү
Күйөрман оюн талаасына чуркап чыккан оюн 10-октябрда Кыргызстан менен Мьянма футболчуларынын ортосунда болгон. Беттеш улуттук команданын пайдасына 7:0 эсеби менен аяктаган.

Үч оюндан кийин Кыргызстандын командасы F тайпасында экинчи орунду ээлеп турат.

Бул эл аралык федерациянын каарына калган биринчи учур эмес. 2015-жылы трибунага эл батпай, күйөрмандар от жагып, талаага чуркап чыккандан кийин улуттук федерация 28 миң долларлык айыпка жыгылган. Ал аз келгенсип, оюнду көрүү үчүн стадионго кире албай калгандар айланасындагы бак-даракка да чыгып алышканы маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0