Талас менен Оштун көк бөрүчүлөрү күч сынашат

© Sputnik / Табылды КадырбековТалас менен Оштун көк бөрүчүлөрү оюн учурунда. Архив
Талас менен Оштун көк бөрүчүлөрү оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун төрт районунун улакчылары Таласка келип достук беттешин өткөрөт. Байге фонду - бир миллион сом.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Талас жана Ош облусунун көк бөрүчүлөрү достук беттешин өткөрөт. Бул туурасында "Ынтымак" командасынын жетекчиси Талас Бегалиев билдирди.

Оюндар 23-24-ноябрь күндөрү Таластагы Райхан Алканов атындагы ипподромдо өтөт.

Эреже боюнча эки облустун төрт районунан сегиз команда түзүлүп күч сынашат.

Байге фондусуна бир миллион сом коюлганы айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин ушундай эле достук беттеши Талас менен Чүй облусунун райондору ортосунда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0