Тырышып жатып чемпион болду. Армрестлер Жибек Каратаеванын жеңиши сүрөттө

© AP Photo / David GoldmanЧемпионат мира по армрестлингу в Атланте
Чемпионат мира по армрестлингу в Атланте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө чемпионаты Румыниянын Констанца шаарында өтүүдө. 26-октябрда башталган мелдеш 4-ноябрь күнү жыйынтыкталат. Жалпысынан Кыргызстандын атынан 17 спортчу катышып жатат.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу кыз Жибек Каратаева армрестлинг (кол күрөш — ред.) боюнча дүйнө чемпионатынан бир алтын жана бир күмүш байгеге ээ болду. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Дүйнө чемпионаты Румыниянын Констанца шаарында өтүүдө. 26-октябрда башталган мелдеш 4-ноябрь күнү жыйынтыкталат.

Анын алкагында Жибек Каратаева 40 килограмм салмактагы спортчулар арасында күч сынашып, оң колдун мелдешинде алтын алса, сол колдун кармашында күмүш медаль тагынган.

Андан тышкары, угуусу начар спортчулардын арасынан Нурбек Алиев эки күмүш медалга (сол кол, оң кол) татыды. Ошондой эле Аскат Өткүр уулу дагы экинчи орунду (сол кол) багынткан.

Чемпионатка жалпысынан Кыргызстандын атынан 17 спортчу катышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0