"Дордой" клубу мөөнөтүнөн мурда Кыргызстандын чемпиону болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Дордой" футбол клубунун оюнчулары. Архив
Дордой футбол клубунун оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чемпионаттын аяктарына бир күн калды. Бишкек шаарынын клубу улуттук чемпионатта экинчи ирет жеңүүчү болуп жатат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" клубу мөөнөтүнөн мурда футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу клубдун маалымат кызматы билдирди.

"Дордой" клубу 27-турда Канттын "Абдыш-Атасы" менен ойноп 5:0 эсебинде утуп алган.

Ошентип борбор калаанын клубу быйылкы чемпионатта 63 упай топтосо, Оштун "Алайы" 59 упай алган. "Дордой" командасы былтыр да өлкө чемпиону болгон.

Чемпионаттын аяктарына бир мелдеш калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0