Шаршенбеков жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан күмүш алды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк чемпионаттын финалында кыргызстандык балбан Шаршенбеков армениялык Армен Меликян менен беттешти.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында 11:7 эсеби менен жеңилип калды.

Дүйнөлүк биринчилик Будапештте (Венгрия) өтүп жатат. Күмүш медаль алган Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак категориясында кармашкан. Ал финалда алтын үчүн армениялык Армен Меликян менен беттешти.

Жарым финалда Шаршенбеков украиналык Жора Абовянды 8:0 эсеби менен жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0