Кыргызстандын футбол боюнча курама команданын капитаны Валерий Кичин. Архив

Өзбекстан менен беттешке Кыргызстандан капитан баш болуп мыкты 3 футболчу катышпайт

1088
(жаңыланган 16:49 08.11.2019)
Мелдеш эртең, 9-ноябрь күнү, Ташкент шаарында 2022-жылкы дүйнө чемпионатына даярдануунун алкагында өтөт.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Өзбекстандын курама командасы менен болгон жолдоштук беттешүүдө кыргызстандык командадан жарым коргоочу Алимардон Шукуров, коргоочу Виктор Майер жана капитан Валерий Кичин футбол талаасына чыкпайт. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.

Мелдеш эртең, 9-ноябрь күнү, Ташкент шаарында 2022-жылкы дүйнө чемпионатына даярдануунун алкагында өтөт. Эске салсак, кыргыз футболчулары 14-ноябрь күнү япониялык, 19-ноябрда тажикстандык атаандаштары менен беттешет. Эки оюн тең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда болот.

"Валерий Кичин, Алимардон Шукуров жана Виктор Майер Ташкенттеги оюнга катышпайт. Алар Бишкекке кийинчерээк Япония жана Тажикстан футболчулары менен беттешүүгө келет", — деп айтылат билдирүүдө.

Футбол федерациясы матчты түз алып Кыргызстанга көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

1088
Белгилер:
Валерий Кичин, Виктор Майер, футбол, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Эки футболчу жаракат алып, Япония менен Тажикстанга каршы ойной албай калды
Япония менен Тажикстанга каршы ойной турган КР футболчуларынын тизмеси