Кыргызстандын хоккей курама командасынын оюнчусу. Архив

Кыргызстандык хоккейчилер арабдардын айласын кетирди

203
(жаңыланган 16:14 09.11.2019)
Мелдеште кыргызстандык оюнчулар арабдарды 9:4 эсебинде утуп алды. Жакынкы күндөрү кыргызстандык спортчулар Люксембург, Босния жана Герцеговина курамалары менен беттешет.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Олимпиада оюндарынын тандоо турунда Бириккен Араб Эмиратынын (БАЭ) командасын жеңди. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрь күнү Люксембург шаарындагы мелдеште ата мекендик оюнчулар арабдарды 9:4 эсебинде утуп алган. Жакынкы күндөрү кыргызстандык спортчулар Люксембург, Босния жана Герцеговина курамалары менен беттешет.

Эске сала кетсек, буга чейин КР менен БАЭ командалары дүйнө биринчилигинин тандоо оюндарында беттешип, 7:4 эсебинде утуп, жыйынтыгы чыр менен коштолгон. Анда 2020-жылы Швейцарияда өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Кыргызстандын командасы төрт атаандашын утуп, дүйнө биринчилигине жолдомо алмак. Бирок кыргызстандык команданын курамында чет жактан легионер бар деген кине менен улуттук хоккейчилердин төрт оюну жокко чыгарылган. Бирок маселени Эл аралык хоккей федерациясы териштирип, Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасына дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо берген.

203
Белгилер:
олимпиада, мелдеш, хоккей, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте жаш хоккейчилер "Ак илбирстин кубогу" үчүн ат салышты. Сүрөттөр
КР хоккей командасынын Олимпиаданын тандоо турнириндеги атаандаштары айтылды