Кыргызстандык кикбоксер Алексей Федосеев Сеул. Архив

Алексей Федосеев ММА турнириндеги алгачкы беттешинде жеңишке жетти. Сүрөт

186
(жаңыланган 18:17 09.11.2019)
Федосеев ушул жылдын сентябрь айында эле ММА турниринин алкагында беттеш өткөрмөк. Бирок анын каршылашы жаракат алып, мелдештин убактысы жылдырылган.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксер Алексей Федосеев Сеулда өткөн ММА боюнча Road FC 056 турниринде жеңүүчү аталды.

Анда Федосеев кореялык Го Ги Вон аттуу мушкер менен 61 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынашкан.

Федосеевдин менеджери Айбек Мусаев өзүнүн Instagram баракчасына беттештен кийин уюштуруучулар жеңүүчү менен байланышканын жазды.

"ROAD FC турниринин уюштуруучулары бир нече беттеш өткөрүүгө өзгөчө келишим түзүүнү сунуштады. Биринчи кадам жасалды, эми дагы алга жылабыз. Биздин менеджерлик компаниябызды ушундай таланттуу мушкер толуктап жатканына кубанычтамын", — деди Мусаев.

Алексей Федосеев ушул жылдын сентябрь айында эле аталган ММА турниринин алкагында беттеш өткөрмөк. Бирок анын каршылашы жаракат алып убактысы жылган.

28 жаштагы Алексей Федосеев Кыргызстанга таанымал спортчу. Кикбокстун WAKO-PRO версиясы боюнча профессионалдар арасында дүйнө чемпиону, К-1 бөлүгү боюнча Азия чемпиону жана жабык имараттагы Азия оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү. Ошондой эле Европанын жана Евразиянын чемпиону. Соңку беттешин былтыр эл аралык турнирде өткөрүп, утулуп калган.

186
Белгилер:
беттешүү, ММА, Алексей Федосеев, спортчу
Тема боюнча
Белгилүү кикбоксчу Алексей Федосеев биринчи жолу ММА боюнча беттешет
Ночной забег. Архивное фото

Түнкү марафондун жыйынтыгы чыгарылды. Тизме

73
(жаңыланган 18:05 20.06.2021)
Спорттук иш-чара кечээ, 19-июнда, Бишкектеги Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектисинин бир бөлүгүндө болуп, аны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурган.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Борбор калаада өткөн Toyboss Night Run 2021 түнкү марафондун жыйынтыгы чыгарылды.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара кечээ, 19-июнда, Бишкектеги Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектисинин бир бөлүгүндө өткөн. Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурган. Ордо калаада мындай жарыш үчүнчү ирет өтүүдө.

Башында 2000дей кишинин чуркай турганы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500дөй адамга кыскарган.

21 чакырымга чуркагандардын ичинен алдыңкы келген беш киши:

  • Евгения Прокофьева (1 саат 13 мүнөт 37 секунд);
  • Александр Салахидинов (1 саат 13 мүнөт 55 секунд);
  • Аман Момуналиев (1 саат 14 мүнөт 3 секунд);
  • Кайнар Камалов (1 саат 15 мүнөт 57 секунд);
  • Алик Бекбасар уулу (1 саат 16 мүнөт 48 секунд).

10 чакырымга чуркагандардын ичинен алдыңкы келген беш киши:

  • Марат Дастан уулу (37 мүнөт 50 секунд);
  • Дастан Ташыбеков (38 мүнөт 23 секунд);
  • Ырыскелди Акеров (38 мүнөт 40 секунд)
  • Бакыт Момуналиев (38 мүнөт 42 секунд);
  • Алымбек Керимбеков (38 мүнөт 59 секунд).

5 чакырымга чуркагандардын ичинен алдыңкы келген беш киши:

  • Антон Егоров (19 мүнөт 10 секунд);
  • Илияз Чокоев (19 мүнөт 14 секунд);
  • Тимур Кенжеков (19 мүнөт 18 секунд);
  • Бактияр Ганиев (20 мүнөт 12 секунд);
  • Кутман Мамбетов (20 мүнөт 37 секунд).

Мелдеш учурунда күндүн көзү бузулуп, жаан жаап, күн күркүрөп, чагылган чартылдаган. Бирок аба ырайы катышуучуларга жолтоо боло алган эмес

73
Белгилер:
жыйынтык, марафон, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн күркүрөп, чагылган чартылдап... Түнкү жарышта чуркаган жөө күлүктөр. Видео
Акактап келе жаткан атаандашына суу сунган Көчкөнбаевдин ич жылыткан видеосу

Күн күркүрөп, чагылган чартылдап... Түнкү жарышта чуркаган жөө күлүктөр. Видео

231
(жаңыланган 01:16 20.06.2021)
Бүгүн спорт ышкыбоздору үчүн чоң майрам болду. Борбор калаада жыл сайын өтүүчү Toyboss Night Run 2021 жарышы өтүп, көпчүлүккө жагымдуу маанай тартуулады.

Жарыш 5, 10 жана 21,1 чакырымдык үч дистанцияда өттү. Кечки саат 9да башталган иш-чараны эң узак аралыкка чуркоочулар баштап берди. Жаңырган музыка, жолду бойлой суу, банан сунуштап турган уюштуруучулар жөө күлүктөргө дем берип, колдоо көрсөтүп жатышты.

Күндүн көзү бузулуп, жаан жаап, күн күркүрөп, чагылгандын чартылдашы да катышуучуларга жолтоо боло алган жок.

Милиция кызматкерлери жол кыймылын тескеп турса, жөө күлүктөрдүн саламаттыгына кооптуулук жаралып калса деп тез жардам унаасы да нөөмөттө болду.

Марага келген ар бир катышуучу медаль тагынды.

231
Белгилер:
Бишкек, жөө күлүк, жарыш
Тема боюнча
Бишкекте түнкү жарыш старт алды. Сүрөт
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:04 20.06.2021)
21-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас облустарында жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +33...+35, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, июнь
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы