Белгилүү көк бөрүчү Манас Ниязов. Архивдик сүрөт

Манас Ниязов 120 кг. торпокту эңип, баш байгени утуп алды. Видео

5692
(жаңыланган 10:54 11.11.2019)
Үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрь күнү Кара-Кулжа районунун Чалма айылында чоң аламан улак болуп, мелдештер уюштурулган.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Белгилүү көк бөрүчү Манас Ниязов салмагы 120 килограмм болгон торпокту эңип, баш байгени алды.  Бул жеңишин Ниязов Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү да тастыктады.

Улакчынын торпокту эңип жаткан видеосу социалдык тармактарга жарыяланган болчу.

Ниязовдун айтымында, 7-ноябрь күнү Кара-Кулжа районунун Чалма айылында чоң аламан улак өткөн. Анын алкагында оор салмактагы улакты жерден эңүү боюнча балбандар арасында мелдеш болгон.

"Атайын таразага тартып, 120 килограммдык торпокту жерге ташташкан. Аны эңип алууга бир нече улакчы аракет кылды. Натыйжада менин аракетим эсепке алынып, байгеге бир тай жана 100 доллар берилди", — деди Ниязов.

Мындан сырткары, ал аламан улактан да кур кол кайткан эмес. Ал жактан соорунга коюлган "Волга" үлгүсүндөгү автоунаа утуп алганы белгилүү болду.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Манас Ниязов (@niyazov_manas)

Манас Ниязов 26 жашта, Орто Азиядагы көк бөрү сүйүүчүлөрүнө таанылган мыкты улакчылардын бири. Ош облусунун "Достук" командасынын негизги чабуулчусу. Кыргызстандын курама командасында дагы ойнойт. Бир нече ирет "Мыкты чабуулчу", "Мыкты улакчы" аталган. Ал ойногон "Достук" Кыргызстандагы күчтүү командалардын сап башында турат.

Мындан сырткары, ал айылдарда өтчү аламан улакта дагы бир топ ийгиликтерге жетишкен.

5692
Белгилер:
байге, улак, Көк бөрү, Манас Ниязов
Тема боюнча
Улакчы Ниязовдор, балбан Изабековдор... Спортко берилген үй-бүлөлөр. Сүрөт
Манас Ниязов америкалык улакчыларды машыктыруу үчүн АКШга чакырылды
Жулуп чыгып ыргытканда. "Достукка" жеңиш алып келген салымдын видеосу
Жерде жаткан Манас, ызырынган Сейитбек. Көк бөрү финалындагы кызыктуу сүрөттөр
Машыгып жаткан спортчу. Архив

Спорт агенттиги: "Жаштык" балбандарга берилбейт, гимнасттар өздөрү машыгат

69
(жаңыланган 10:48 05.06.2020)
Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен активисттер Спорт агенттиги гимнасттар менен акробаттар машыккан "Жаштык" дирекциясын балбандарга берерин айтып чыгышкан.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги "Жаштык" дирекциясы балбандарга берүү боюнча чечим чыгарган эмес. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана активисттер Спорт агенттиги гимнасттар менен акробаттар машыккан "Жаштык" дирекциясын балбандарга берет экен деп айтып чыгып, бул билдирүүлөр социалдык тармактарда талкууланып, нааразычылыгын айтып чыккан ата-энелер болгон.

Бирок агенттик бул айткандар чындыкка дал келбей турганын кабарлады. Учурда "Жаштык" дирекциясында ремонт иштери жүрүп жатканын, ал аяктап, карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин гимнасттар өздөрү машыга турганын айтты.

"Коронавирусту алдын алуу максатында спорт мектептердеги бардык машыгуулар токтоп, анын ичинде балбандарды чыгарган Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжи да иштебей турду. Балдар башка залда машыгуусун уланткан эмес. Азыркыга чейин үйлөрүндө машыгып жатышат. Ал эми "Жаштык" дирекциясында спортчулар жок кезде ремонт иштерин кылып алалы дегенбиз, ал жыл сайын жүргүзүлүп келет. Оңдоп-түзөө иштери бүткөндөн кийин зал гимнасттар менен акробаттардын өзүнө берилет. Бизде залды балбандарга берели деген чечим болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.

"Жаштык" спорттук иш-чараларды өткөрүү жана жаштар менен иш алып баруу дирекциясы 2016-жылдан бери Мамлекеттик агенттиктин карамагында экендиги кошумчаланды.

Мамлекеттик агенттик республика боюнча балдардын 74 спорт мектебин каржылайт. Тараптардын макулдашуусу боюнча "Жаштык" дирекциясынын залында көркөм гимнастика, спорттук акробатика, сууда сүзүү, футбол, грек-рим күрөшү боюнча машыгуулар акысыз өткөрүлүп келет.

69
Белгилер:
гимнастчылар, балбан, Дене тарбия жана спорт агенттиги, спорт
Тема боюнча
Балаңыз спортко шыктуубу? Мамагенттик сынак жарыялап, шартын түшүндүрдү
Кыргыз спортчулары олимпиадага 1-июндан тарта даярдана баштайт
Беш түр салмак категорияда чемпион болгон Флойд Мейвезер. Архивдик сүрөт

Мейвезер полициянын колунан каза тапкан Флойддун зыйнатын көтөрөт

133
Атактуу боксчунун өкүлүнүн айтымында, Мейвезер Жордж Флойддун үй-бүлөсү менен сүйлөшүп, зыйнатына кетчү каражатты төлөп бермей болгон.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Беш түр салмак категорияда чемпион болгон Флойд Мейвезер Миннеаполисте полициянын одоно аракетинен каза тапкан Жордж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнатына кеткен каражатты көтөрүп берет. Бул тууралуу ESPN телеканалы боксчунун өкүлү Леонард Эллербеге шилтеме берип жазды.

"Ал (Мейвезер) сөөк коюу иш-чарасынын каражатын төлөп берет. Флойддун үй-бүлөсү менен бул тууралуу сүйлөшкөн, алар сунушту кабыл алган. Мунун баарын айтып жатканым үчүн кыжырданышы мүмкүн. Бирок ал мындай иштерди 20 жылдан бери кылып келет", — деп билдирген спортчунун өкүлү.

Эллербе бул иштерди жасоо менен боксчу өзүнө упай топтоону көздөбөй турганын белгилеген.

Мейвезер буга чейин, 2011-жылы, 45 жашында рактан каза болгон боксчу Генаро Эрнандестин акыркы сапарга узатуу чыгымын төлөп бергени айтылат. Мейвезер биринчи чемпиондук наамын 1998-жылы Эрнандести жеңип алгандан кийин тагынган.

Америкалык кара түстүү жаран Жордж Флойд 25-май күнү каза болгон. Интернетте полиция кызматкерлери афроамерикалык адамдын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган. Бирөөсү моюндун күрөө тамыр өткөн бөлүгүн тизеси менен кысып, басып турат. Флойддун бир нече жолу "дем ала албай жатам" деп айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародерлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

46 жаштагы Жордж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-июнда өзү туулуп-өскөн Хьюстон шаарында болот.

133
Белгилер:
каражат, зыйнат, өлүм, Жорж Флойд, Флойд Мейвезер, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
АКШ полициясы ЖМК өкүлү экенин билип туруп Sputnik продюсерине ок чыгарды
АКШ: полиция кызматкерлери нааразылыкка чыккандардын алдында тизелеген видео
Внедорожник марки Toyota Land, водитель, которого протаранил будку с охранником в центре Бишкека

Куралы бар экен, абайлагыла. Бишкекке жакын жолдогу кинодогудай куугундун видеосу

0
(жаңыланган 22:47 06.06.2020)
Кара түстүү ири жолтандабастын калдаңдап бирде жолдун бул тарабына, бирде экинчи тарабына чыгып, катуу ылдамдык менен бара жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин борборунда күзөтчүнүн будкасын бир нече ирет талкалай сүзүп, дагы бир кызматкер менен мушташкан айдоочуну Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери кантип кармаган видео тарады.

Эске салсак, ал Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде чатак чыгарып, бир нече ирет будканы сүзүп, мушташып, андан жолтандабасын айдап жок болгон.

Көп өтпөй анын автоинспекторлор Токмок аймагынан кармады деген маалымат келип түшкөн. Айдоочунун ичип алганы жана 30 жашта экени айтылып, сүрөтү жарыяланган

Көп өтпөй кудум кинофильмге окшогон сюжеттеги видео интернетке коюлду.

"Короче" Телеграм-каналына чыккан видеодо анын Бишкек — Торугат трассасында автоинспектордун артынан кууган эки бригадасына моюн бербей качып бара жаткандыгын көрүүгө болот. Окуяны видеого тарткан жаран комментарий берип, ал тургай ок атылганын айтканы даана угулуп турат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Короче KG (@koroche_kg)

Кара түстүү ири жолтандабастын калдаңдап бирде жолдун бул тарабына, бирде экинчи тарабына чыгып, катуу ылдамдык менен бара жатканын көрүүгө болот. Ал тартип сакчылардан бир топ жерге чейин качып барып, чаңды сапырылта, тегеренип барып оң тарапка токтогон.

Кадрдан чыккан үндөн "куралы бар экен, айбайлагыла" деп эскертип жатканын угууга болот.

Кинофильмдеги фрагменттерди эске салган бул видеодон тартип сакчыларынын жаракат алганы байкалган жок.

0
Белгилер:
кармоо, тартип, күзөтчү, жолтандабас, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео
Бишкек: будканы талкалай сүзүп, күзөтчү менен мушташкан айдоочу кармалды. Сүрөт