Кыргызстан — Япония беттеши: Бишкекте ири фан-зона пайда болот

Жазылуу
Футбол күйөрмандары үчүн шоу-программалар уюштурулуп, дүйнө чемпионатынын алкагындагы оюнду көрүү үчүн чоң экран коюлат.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Япониянын мелдеши күнү Бишкектеги эски аянтта күйөрмандар зонасы болорун КРдин Футбол федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Япониянын футбол боюнча курама командасы беттеш алдында Бишкек шаарында биринчи машыгуусун өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: Япония командасы беттешүү алдында биринчи машыгуусун өткөрдү. Сүрөт
Аталган жер оюнга кире албай калган күйөрмандар үчүн даярдалат. Эске сала кетсек, 2022-жылы боло турчу дүйнө чемпионатынын тандоо турунун мелдешине билеттер сатылып бүттү. Матч 14-ноябрь күнү саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Футбол федерациясы күйөрмандар зонасында оюнду түз алып берүүнү убадалады. Көрүүчүлөр үчүн шоу-программалар, баалуу белектер бериле турган конкурстар, кейтеринг (швед столу) уюштурулуп, дагы башка шарттар каралмакчы.

Күйөрмандар зонасы 15:15те ачылат.

Япониянын командасы F группасында лидер. Кыргызстан менен Тажикстандын командасы экинчи орунда.

Атаандаштардын курама командасы дүйнөлүк рейтингде 28-орунда, ал эми Кыргызстан 94-сапта.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0