Дүйнө чемпиону Жолдошбеков: сыртка чыкканда чучук, кукси салып алабыз

© Sputnik / Досхан НусупбековЧемпион мира по борьбе U-23 Улукбек Жолдошбеков
Чемпион мира по борьбе U-23 Улукбек Жолдошбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдөгү таанымал жана тажрыйбалуу спортчулардын бири Улукбек Жолдошбеков 23 жашка (U-23) чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча алтын утуп, ушул тапта жылдызы жанып турган чагы.

Күрөш боюнча U-23 дүйнө чемпионаты 28-октябрдан 3-октябрга чейин Венгриянын Будапешт шаарында өттү. Жолдошбеков 61 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, финалдык кармашта индиялык Равиндер Равиндер аттуу балбанды 5:3 упай эсебинде утуп алган. Ага чейинки кармаштарда түркиялык, украиналык, казакстандык жана япониялык спортчуларды жеңген болчу.

Кыргызстандагы таанымал балбандардын бири Улукбек Жолдошбеков менен Sputnik агенттигинин кабарчысы маек курду. Ал күрөшкө жетелеген агалары, кыйышпас достору, оорудан каза тапкан атасы тууралуу кеп козгоп, Олимпиададан байге алууга каалоосу күч экендигин айтып берди. Мындан тышкары, социалдык тармактагы билдирүүлөр ага кандай таасир берери тууралуу ой бөлүштү.

— Адатта спортчулар менен маек курганда ата-теги, туугандары да бул тармактан алыс эмес адамдар болуп чыгат. Сиздики дагы ошондойбу?

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан
Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз
— Үй-бүлөм баш-оту менен спортко аралашпаса дагы менден улуу эки агам эркин күрөш менен машыкчу. Улуу байкем Уланбек Ыбышев облустук мелдештерди уткан, анан энергетика тармагына иштеп кетти. Андан кийинки байкем Уулбек Жолдошбеков турнирлерге катышып жүрүп, азыр жеке ишкерликти аркалап жүрөт. Байкелерим үйдөн мага күрөштүн ыкмаларын үйрөтө беришчү. Бирок алгач дзюдого бардым. Аны менен 3-классымдан 5-классыма чейин машыгып, мелдештерге катышып жүрдүм. Кийинчерээк досторумдун күрөшкө барып жатканын көрүп, мен дагы ал жакка кетип калдым. 8-класстан тарта Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебинен тарбияландык. 

— Ата-энеңиз эмне менен алектенет?

— Атам мен 7-класста окуган кезимде оорудан улам көз жумду. Ашказан рагынан жапа чекти. Ал Жол-эксплуатация башкармалыгында (ДЭУ) башкы механик болуп иштечү. Апам бизди карап иштеген жок. Учурда балдары менен Бишкекте турат.

© Фото / Жазгул НарынбековаЭркин күрөштү аркалаган белгилүү балбан Улукбек Жолдошбековдун апасы Гулнар Абдыраева
Дүйнө чемпиону Жолдошбеков: сыртка чыкканда чучук, кукси салып алабыз  - Sputnik Кыргызстан
Эркин күрөштү аркалаган белгилүү балбан Улукбек Жолдошбековдун апасы Гулнар Абдыраева

— Мектепте окуп жүргөндө кандай бала элеңиз?

— Сабактарды жакшы окугам. Активист балдардын катарында болчумун. Ырдап, бийлеп, концерттерге катышкам. Бишкектеги спорт мектепке келгенден кийин көп ырдабай калдым. Бирок ал жакта "дедовщина" бар эле. Байкелер "ырда" дегенде кечке эле Мирбек Атабековдун "Балама" деген чыгармасын аткара бергеним эсимден кетпейт.

— Кыргызстандагы ийгиликтүү балбандардын бирисиз. Күрөштөгү ири жеңиштериңиз тууралуу айтып берсеңиз?

— Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебине келгенден кийин профессионалдуу ийгиликтер башталды. Ал жактан машыктыруучу Кармышалы Акматов мени абдан жакшы карады. Курама командага кошулгандан кийин Сүймөнкул Таабалды уулу жеке машыктыруучум болуп келет.

Өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган Калмира Билимбек кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылда эле машыгып дүйнөнү багынткан Калмира: Нарында балдар менен гана күрөшөм
8-классымда алгачкы жолу КРдин чемпионатын утуп, азыркыга чейин биринчи орунду бербей келем. 2012-жылы Бишкекте болгон кадеттер арасындагы Азия чемпионатында алтын байгеге татыгам. Ошол эле жылы олимпиада чемпиону Бувасар Сайтиевдин атындагы турнирден үчүнчү орунду алдым. 2013-жылы Монголиядагы кадеттер арасындагы Азия чемпионатында коло тагындым. 2015-жылы Монголиядагы жаштар арасындагы Азия чемпионатынан алтын уттум. Көрсө, андан 12 жыл мурда менин машыктыруучум Сүймөнкул Таабалды уулу чемпион болуптур. Менден бери азыр эч ким алтын ала элек. 2016-жылы чоңдор арасында Азия чемпионатынан үчүнчү орунду багындырып, студенттер арасындагы дүйнө чемпионатынан коло байге тагындым. 2018-жылкы Бишкекте өткөн чоңдор арасындагы Азия биринчилигинин жарым финалында утулуп, коло байге үчүн кармашты жеңдим. Анда сасык тумоого кабылып жакшы даярдана албай калдым. Былтыр Ирандагы беделдүү делген TAHTI CUP турнирин уткам уткам. Аны кыргыздардан Эрназар Акматалиев экөөбүз ута алдык. Ошол иним мага абдан чоң мотивация берет. Бири-бирибиздин беттешибизден дем алып турабыз. Аны менен Нарында жүргөндө эле чогуу машыгып баштаганбыз.

Кийинки жылы Эрназар дүйнө чемпиону болот деп ишенем. Бир чети U-23 дүйнө чемпионатында утулуп калганы жакшы болду. Анткени азыр мурдагыдан дагы эки эсе көп тер төгүп жатат. Эрназардын дүйнө чемпионатында ийилип туруп, көтөрүп чапкан ыкмасын UWW мыкты деп тапканы бардыгыбызга маалым.

Быйыл 2019-жылы 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия жана дүйнө чемпионатын уттум. Бул жеңиш дагы тарыхый экендигин, мага чейин эч ким утпаганынын белгилеп жатышат. 

© Фото / предоставлено Улукбеком ЖолдошбековымЖолдошбеков: былтыр Ирандагы беделдүү делген TAHTI CUP турнирин уткам. Кыргыздардан Эрназар Акматалиев да жеңишке жеткен.
Дүйнө чемпиону Жолдошбеков: сыртка чыкканда чучук, кукси салып алабыз  - Sputnik Кыргызстан
Жолдошбеков: былтыр Ирандагы беделдүү делген TAHTI CUP турнирин уткам. Кыргыздардан Эрназар Акматалиев да жеңишке жеткен.

— Кайсы мамлекет көбүнчө эсиңизде калды?

— Америкага барсаң жашоого нааразы болбойт экенсиң. Ал жакта адамдардын маанайы жакшы, күлүп жүрүшөт, сурооңо жылмайып жооп беришет, эркин сүйлөшө аласың. Жашоо үчүн бардык шарттар түзүлгөндөй туюлду. Американын кинолорунда керебетке бут кийими менен деле жатып алышат го. Бул шаарларынын тазалыгынан кабар берет экен.

Кыргызстанский боксер Эржан Тургумбеков - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы официант Эржан бокс боюнча Евразия чемпиону аталды. Спортчунун маеги
Таиландда жүргөндө аэропорттон кечигип калганым эсимде. Мейманканада уктап жатканымда балдар ойготобуз деп унутуп кетип калышыптыр. Көзүмдү ачсам эч ким жок. Шаша-буша такси кармап аэропортко жөнөп, ресепшнден кыргыз балдарын сурасам кайда экенин айтып беришти. Жүрөгүм ылдыйлай түштү.

Биз көп учурда чет тилин билбегенден кыйналабыз. Мен өзүм англис тили боюнча курстарга барып баштагам. Ортодон 1-2 сабак калтыргандан кийин түшүнбөй калдым. Убакыт таап үйрөнсөм деген каалоом күч.

— Чет мамлекетке барганда абасына жана тамагына көнбөй кыйналган учурлар болобу?

— Айрым өлкөлөрдүн абасына көнө албай уйкуң келип, бат чарчап каласың. Табитиңе туура келген тамакты табуу кыйын. Адал ашкана дегендер болгону менен ишенүү кыйын. Ошол себептен жаныма кукси, чучук, жарма, кургак жемиштерди салып алам. Деги эле спортчулар үчүн алыска алып кетүүгө ушул азыктар ыңгайлуу. 

© пресс-служба ГАМФКиСЖолдошбеков: 2018-жылкы Бишкекте өткөн чоңдор арасындагы Азия биринчилигинин жарым финалында утулуп, коло байге үчүн кармашты жеңдим. Анда сасык тумоого кабылып жакшы даярдана албай калгам.
Дүйнө чемпиону Жолдошбеков: сыртка чыкканда чучук, кукси салып алабыз  - Sputnik Кыргызстан
Жолдошбеков: 2018-жылкы Бишкекте өткөн чоңдор арасындагы Азия биринчилигинин жарым финалында утулуп, коло байге үчүн кармашты жеңдим. Анда сасык тумоого кабылып жакшы даярдана албай калгам.

— Быйыл сентябрда Нур-Султанда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионаты сиз үчүн ийгиликсиз болуп калды. Ал мелдеште Токио Олимпиадасына лицензиялар берилбедиби.

— Мен өзүм аябай даярданып бардым. Сегиз килограммга арыктагам. Олимпиадага жолдомо аларыма ишенгем. Беттеш учурунда өзүмөн ката кетип калды. Квалификациялык кармашта азербайжандык Махир Амирасланов аттуу балбан менен үчүнчү ирет күрөшүп жатам. Мен аны эки ирет уткам. Анан дүйнө чемпионатында үчүнчү жолу жолуктук. Ал экөөбүз дайыма урушуп күрөшөбүз. Чаап кетет же көзү-башыңды чукуп кетет. Анан беттеш башталганда эле "катуу" күрөшүп баштады. Мен дагы ачууланып кеттим. Көрсө,мен жиним келгенде алсыз болуп калат экенмин. Уттуруп койдум. Бул мага сабак болду.

Азыр эми кийинки жылы Кытайда боло турчу лицензиялык турнирге белсенип жатам. Оюдун бардыгы ошол жакта болуп жатат.

— Мамлекет сизге ай сайын канча стипендия берет?

— 40 миң сом. Адатта ири мелдештерден кийин дагы көбөйөт.

— Дүйнө чемпиону болгондон кийин жеке ишкерлерден дагы колдоолор болдубу?

— Чемпион болгондон кийин ой өзгөрөт экен. Ичиңен өзүңө ыраазы болуп, мекен алдында милдетти аткаргандай сезим болот экен. Күрөштөгү байкелер да ойлор алмашат деп айтышты.

Дүйнө чемпиону болгондон кийин сыйлап, конокко чакыргандар болуп жатат. Нарындык агаларым "кандай унаа жагат" деп чалып сурашты. Мага азыр автокөлүкүн кереги жок десем, акчасын берип коюшту. Менин автокөлүгүм бар болчу, бирок сатып жибергем. Азыр такси менен жүрөм же досторум жеткирип коет. Кээде бир туугандарымдын унаасын сурап айдап турам.

Федерация жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов үй берүүнү убадалады. Учурда өзүмө таандык батир жок. Бул кишилер жеңиштен кийин гана эмес, ага чейинки даярдыктарда дагы каралашып келишет. 

© Photo / United World Wrestling / Kadir CaliskanБалбан Улукбек Жолдошбеков 2019-жылы 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия жана дүйнө чемпионаттарынан алтын байге тагынды.
Дүйнө чемпиону Жолдошбеков: сыртка чыкканда чучук, кукси салып алабыз  - Sputnik Кыргызстан
Балбан Улукбек Жолдошбеков 2019-жылы 23 жашка чейинки балбандар арасында Азия жана дүйнө чемпионаттарынан алтын байге тагынды.

— Дзюдо деле күрөш сыяктуу беделдүү олимпиадалык спорттун бири. Кээде дзюдону таштабай эле койбой деп өкүнгөн учурлар болобу?

— Жок, эч качан. Эркин күрөш универсалдуу спорт. Анда дзюдо, самбо, грек-рим жана башка күрөштөрдүн элементтери камтылган. Керек болсо мен эркин күрөштүн бардык ыкмаларын үйрөнүп бүтө элекмин! Маселен, жогоруда санап өткөн споттордо мелдеше алам, ал эми алар эркин күрөштүн турнирине катыша алышпайт. Ал тургай мушкер да болуп кетсем болот. Мактанып же сындагандай болбоюн, азыр өлкө ичинде, чет мамлекетте, ошол эле учурда UFC уюмунун чемпиондорун утуп аларыма көзүм жетет. Ал үчүн профессионалдуу түрдө эки-үч жыл даярданганым жетиштүү болсо керек. Көз чаптырып көрсөк, UFC көзүрлөрү Генри Сехудо, Жон Жонс, Даниэль Кормье, Хабиб Нурмагомедов —булар мурдагы балбандар.

— Учурдагы кыргыз мушкерлеринин күрөшүнө кандай баа бересиз?

— Күрөштөрү начар. Биз менен чогуу машыкканы келип калышат. Бирөөсүнө дагы баа бере албайм. Дагестанда балбандар менен ММА мушкерлери чогуу машыгуу өткөрүшөрүн билем. Балким ошондой ыкманы колдонушса, октагондо универсалдуу болушабы деп ойлойм.

— Аралаш мушташ тууралуу мынчалык билет деп ойлобопмун. Кийин сунуш түшсө аралашат белеңиз?

— UFC уюму менен келишим түзүү кыйын. Анткен менен олимпиада чемпиондорун бат кабыл алып келишет. Олимпиаданы уткандан кийин ойлонуп көрөм. 

© Фото / Нариман НарынбековUFC чемпиону Генри Сехудо менен
Дүйнө чемпиону Жолдошбеков: сыртка чыкканда чучук, кукси салып алабыз  - Sputnik Кыргызстан
UFC чемпиону Генри Сехудо менен

— Instagram баракчаңыздан UFC чемпиону Генри Сехудо менен түшкөн сүрөтүңүздү көргөм. Аны менен кандайча көрүшүп калгансыз?

— Былтыр 2018-жылы Венгрияда өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатына конок катары келген. Ошондо түштүк эле. Экөөбүздүн салмагыбыз бирдей (61 кг). Өзү 2008-жылы Олимпиада оюдарында эркин күрөштөн алтын медаль алган. Эми мына UFC уюмунда эки салмак боюнча чемпион. Чет мамлекетте олимпиадалык спортту аркалап жүрүп профессионалдуу спортко өтүү кадыресе көрүнүш.

— Кыргыз спортчуларынын көбү Instagram тармагында отурарын байкайм. Адатта чемпионаттардан кийин катталуучулардын саны өсөт эмеспи, дүйнө чемпионатынан кийин сизде дагы ошондой болдубу?

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Ошол 7 секунд улам элестей берди. Айсулуу Тыныбекованын агынан жарылган маеги
— Instagram баракчамды эми активдүү иштетип баштайын деп жатам. Жаңы киргенде аябай кызыгып, чай ичип жатып деле чукулай берчүмүн. Агайым Таабалды "өчүр" деп жүрдү. Кийинчерээк көп кирбей, анда-санда сүрөт киргизип калгам. Чемпионаттан кийин каттаалуучулардын саны көбөйүп жаткандыгы байкалды. Уткандан кийин жеке билдирүүлөр аябай көп келиптир. Саат кечки тогуздан баштап түнкү экиге чейин окудум, анан эртеси да окудум. Эми баракчамды тааныштар профессионалдуу түрдө иштет деп жатышат.

— Соцтармактагы билдирүүлөр канчалык деңгээлде таасирин тийгизет?

— Каалоо-тилектер, албетте, жагымдуу болсо, негатив билдирүүлөр көңүлдү чөгөрбөй койбойт. Бир ирет Алибек досум экөөбүз Париждеги турнирден утулуп калдык. Инстаграм баракчамдан жүздөй жеке билдирүү келиптир. "Жакшы күрөшпөйсүңбү, жакшы даярданбайт белең" деп сындаган сөздөр экен. Аккаунтуна кирсең, аты-жыты жок бирөөлөр. Булар өздөрү машыгып көрбөгөн адамдар болсо керек. Спортчу болуу кыйын. Утканда гана эмес, утулганда дагы колдоп коюшса. Үй бетин көрбөй машыгууда, мелдештерде жүрөбүз. Азыр мен аргасыздан эле мейманканада жашап жатам. Машыктыруучулар Олимпиадага катуу режим керек деп үйгө жашатпай коюшкан. Болбосо үйдөгүлөр деле Бишкекте турат. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ulukbek.Zholdoshbekov (@ulukbek.zholdoshbekov)

— Грек-рим күрөшүндө Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков жакын достордон экенин билебиз. Спорттогу эң жакын досторуңуз кимдер?

— Анарбек Сыдыкбеков менен Алибек Осмонов. Үчөөбүз Нарында 1-класска чогуу кирдик, андан кийин Бишкектеги спорт мектепке бир тапшырдык. Учурда балбандар үчүн салынган мейманканада чогуу жашайбыз. Чет өлкөдө машыгууда да биргебиз. Спортто салмак категорияларыбыз ар башка. Бир ирет Алибек менен Кыргызстандын чемпионатында туш келип калып, жеңип алгам. Ортобузда таарыныч болбойт.

— Кайсы кесиптин ээсисиз?

— Юридикалык академиянын бүтүп, азыр магистратурасын окуп жатам. Кадимки студенттердей барып-келип окуйм. Келечекте кесибим боюнча иштегим келет. Бажы тармагында эмгектенсемби деген ойлор бар. Бала чагымда "бажычы болом" дей берчүмүн. Келечекте саясатка аралашып, элиме кызмат кылып, спортчуларга жардам берсем деген пландар бар.

— Көпчүлүктү кызыктырган суроолордун бири болсо керек, сүйлөшкөн кызыңыз барбы, качан үйлөнөйүн деп жатасыз?

— Менден улуу эки байкем үйлөнө элек. Алардан кийин го. Олимпиадага чейинби же кийинби, айырмасы жок. Сүйлөшкөн кызым бар. Мени колдоп, түшүнүү менен карайт.

— Спортто канча убакыт жүрөйүн деген пландар бар?

— 2020-жылы Олимпиада оюндарын утуп, чоңдор арасында дүйнө чемпиону болгондон кийин спортту жыйынтыктоону ойлоном. Ишке ашпаса, ошол максаттар менен жүрө берем.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0