Футбол: Кыргызстан менен Япониянын оюнуна букмекерлердин божомолу

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Матч Бельгия - Япония
Футбол. ЧМ-2018. Матч Бельгия - Япония - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 14-ноябрда, футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы тандоо тайпасындагы лидер атаандашы Япония менен беттешет.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Букмекерлер Кыргызстандын футбол курамасы япондорду утуп алат деген божомол өтө эле төмөн экенин билдиришүүдө.

Мелдеш 2022-жылы боло турчу дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагында 14-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Футбол күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Японияны ута алабызбы? Футбол федерациясынын башчысынын пикири
Tennisi букмекеринде кыргызстандыктардын жеңишинин коэффициенти 19ду түзсө, япондордуку 1,14, ал эми эми тең чыгуу коэффициенти 7,7ни түзөт.

1xbet букмекери кыргызстандыктардын жеңишине 16 коэффициент берген, япондордуку 1,15 болсо, тең чыгуу 7,7.

Эгер коэффициент канчалык жогору болсо, утуп алуу мүмкүндүгү ошончолук аз, ал эми аз болсо, ошончолук жогору. Бул оюндарда япондордун утуп алышына ишенгендер көп.

Япониянын командасы 2022-жылы боло турчу дүйнөлүк чемпионаттын экинчи тандоо турунун F тайпасындагы лидери. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары экинчи орунда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0