Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстан — Япония беттеши. Учурда эмне болуп жатат? Сүрөт, видео

Жазылуу
Бишкекте 14-ноябрда саат 17:15те 2022-жылы боло турчу дүйнө чемпионатынын тандоо турунун тайпалык этаптарынын алкагында Кыргызстан менен Япония беттешет.

Торага ЖК Дастанбек Джумабеков - Sputnik Кыргызстан
Төрага Жумабеков футболчуларга ийгилик каалап, депутаттарды оюн көрүүгө чакырды
Мелдеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. 18 миң киши бата турган стадиондо эл көп болору айтылууда. Анткени оюнга эки күн калганда бардык билеттер сатылып кеткен.

Футбол федерациясы Бишкектеги Эски аянтта күйөрмандар үчүн атайы аянтча уюштуруп, беттеш түз эфирде чоң экрандан көрсөтүлөт.

Оюн учурунда болгон бардык кызыктардын сүрөт, видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан көрүңүздөр.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:09 14.11.2019

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго келген күйөрмандар оюн аяктагандан кийин футболчуларга ыраазычылык билдиришти.

Күйөрмнадар болбой эле командага колдоо көрсөтүп кол чаап жатат.

19:07 14.11.2019

Кыргызстан менен Япониянын курамаларынын беттеши 0:2 эсебинде күн чыгыш өлкөсүнүн оюнчуларынын пайдасына чечилди. Япон оюнчулары биринчи таймда бир гол, экинчи таймда дагы бир гол киргизишти.

19:04 14.11.2019

Негизги убакытка кошумча 3 мүнөт кошулуп берилди.

18:57 14.11.2019
18:49 14.11.2019
18:44 14.11.2019

Фан-аймакка чогулгандар дагы акивдүүлүгүн көрсөтүп жатат.

18:44 14.11.2019
18:42 14.11.2019

Кыргызстандык оюнчулар өз чеберчилигин көрсөтүүдө. Экинчи таймда алар чабуулга өтүп, гол киргизүү аракетин көрүп жатат. 

Дагы аз жерден атаандаштарга гол кирип кете жаздады.

18:38 14.11.2019

Кыргызстандык оюнчулар атаандаштарынын дарбазасынын алдында кооптуу абал жаратты.

18:35 14.11.2019

Сиздин оюңузча беттеш кандай жыйынтык менен аяктайт?

18:31 14.11.2019

Кыргызстан — Япония беттеши менен бирге эле Мьянма командасы өз үйүндө Тажикстандын курама командасын кабыл алууда. Оюн 4:3 эсебинде Мьянманын пайдасына чечилди.

 

18:29 14.11.2019
18:27 14.11.2019

53-мүнөттө япон оюнчулары экинчи голун киргизди.

18:23 14.11.2019

Мирлан Мурзаевге дарыгерлер жардам көрсөтүп жатат.

18:22 14.11.2019

Кабарчыбыз стадиондогу күйөрмнадардын маанайы кандай экенин кабарлап жатат.

"Күйөрман: үшүп баштадым, биздикилер біир гол киргизсе ысып чыгат элем"

18:20 14.11.2019

Экинчи тайм башталды. Оюндун башында эле топ четке чыгып, бурчтан топ тебилди.

18:06 14.11.2019

Коомдук тартипке көз салган милиция кызматкерлери стадионго тосмону ашып кирүүгө аракет кылган күйөрманды кармашты. Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче, күйөрман укук коргоо органдарынын эскертүүсүнө теригип, погонун жулуп салган.

18:05 14.11.2019

Кыргызстан — Япония футболдук мелдешин КТРК Спорт каналы түз алып көрсөтүүдө. Оюнду казак, япон операторлору тартып жатканы маалым болду. Ал эми техника жана инженерлер Коомдук биринчи каналдыкы.

18:04 14.11.2019

Биринчи таймдын жыйынтыгы менен Япониянын курама командасы 1:0 эсеби менен алдыда.

18:03 14.11.2019

Кыргызстандын дарбазасына гол кирген учур. Фан-зонадагы күйөрмандар

18:01 14.11.2019

Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче, стадиондогулардын кадимкидей духу түшүп калды. Унчуккан киши жок.

17:58 14.11.2019

Япониялык оюнчулар пенальти тээп гол киргизди. Учурда оюн эсеби 1:0. Япониянын курама командасы алдыда.

Күйөрмандар адилетсиз гол деп үшкүрүнүп калды.

17:57 14.11.2019

Япониялыктар пенальти тепмей болушту.

17:57 14.11.2019

Гол кирбей калганда элдин шаабайы сууй түштү

17:54 14.11.2019
Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
17:49 14.11.2019

Белгилей кетсек, F тайпасында Япония, Кыргызстан, Тажикстан, Монголия, Мьянманын командалары бар.

17:48 14.11.2019

Күйөрмнадар кыргыз футболчуларына колдоо катары телефондорунун жарыгын жандыра башташты.

17:46 14.11.2019

Кыргызстан — Япония беттеши менен бирге эле Мьянма командасы өз үйүндө Тажикстандын курама командасын кабыл алууда. Оюн ушу тапта жергиликтүү команда 3:2 эсеби менен алдыда.

17:43 14.11.2019

Фан-клубдун аймагында миңдеген көрүүчүлөр орнотулган монитордон көздөрүн албай тиктеп турганын, топ япондордун дарбазасына жакындаганда кол чаап, ышкырып жиберип жатканын көрүүгө болот. Көз албай тиктегендердин арасында милиция кызматкерлери турат. Бейчеки басып жүргөн киши жок.

17:41 14.11.2019

Фан-аймакка келген күйөрмандардын саны уламдан-улам өсүп жатат.

Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
17:40 14.11.2019

Оюнга кечигип калган күйөрмандар чуркап келе жатат.

17:39 14.11.2019

Кыргызстандын дарбазасына гол кирбей калганда күйөрмандар атаандашка гол киргендей сүйүнүштү

17:35 14.11.2019

Япониялыктардын чабуулу аз жерден алардын пайдасына чечилип кала жаздады. Кыргызстандын дарбазачысы Кутман Кадырбеков топту тоскондо колунан түшүп кетти. Бактыга жараша оюнчулардын бири топту алыска тээп курамасын сактап калды.

17:34 14.11.2019

Кирбей калган голго стадион "жарылып" кете жаздады.

17:34 14.11.2019

Бишкектин чок ортосунан орун алган стадиондон барабандын кагылганын, ышкырык, кыйкырык жана колдогон үндөрдү угууга болот, ал тургай жер тепкилеп жиберген учурларды көрөсүз.

17:32 14.11.2019

Ал арада фан-зонада да күйөрмандар көп. Айрым учурда алардын сүрөөнү трансляциядан да өтүп жаңырууда. Стадиондон айырмасы жок.

17:31 14.11.2019

Кооптуу абал жаралып, Кыргызстандын дарбазасына топ кирип кете жаздады. Топ кирбей калганда күйөрмандар сүйүнгөнүнөн кучакташып ийишти.

17:31 14.11.2019

Оюн болуп көрбөгөндөй катуу күү менен башталды. Стадиондогу элди толкун менен салыштырууга болот. Топ япондордун дарбазасына жакындаган сайын стадион жарылып кетчүдөй болууда.

17:30 14.11.2019

Топ атаандаштарда.

17:29 14.11.2019

КР футболчулары бир канча ирет чабуул коюп, мыкты даярдыгын көрсөтүп жатышат. Оюндун 13-мүнөтү аяктоодо.

17:28 14.11.2019

Аз жерден гол кирбей қалганда күйөрмандар ыйлап жибере жаздады. Топ кыргызстандыктарга тиери менен стадион тура калып жатат.

17:27 14.11.2019

Кыргызстандык оюнчулар кызыктуу оюн көрсөтүүдө. Атаандаштардын дарбазасынын алдынан гол киргизүүгө мүмкүнчүлүк болбой калды.

17:22 14.11.2019

Оюн абдан кызуу жүрүп жатат. Кыргызстандык оюнчулар үстөккө-босток чабуулга өтүп, бирок андан азырынча майнап чыга элек.

17:20 14.11.2019

Оюнду Сауд авариялык калыс тейлеп жатат.

17:15 14.11.2019
Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
17:13 14.11.2019

Фан-зонадагы күйөрмандар кыргыз футболчуларын сүрөп жатышат. Колдоочулардын саны 300гө чукулдайт.

17:12 14.11.2019
17:00 14.11.2019

Стадиондун ичиндеги маанайга күбө болуңуз.

16:55 14.11.2019

Дөлөн Өмүрзаков стадионунун алдындагы маанай кандай экенин бул видеодон көрүңүз.

16:50 14.11.2019

Биздин дарбазачылар Кутман Кадырбеков менен Павел Матяшь

16:45 14.11.2019

Өзгөчө күйөрмандардын өзгөчө видеосу

16:33 14.11.2019

Аскердик кызматын бүгүн эле бүткөн жигиттер да футбол көргөнү келген. Алар аскер бөлүгүнөн чыгып футбол көрүп, анан үйүнө кетүүнү чечишкенин айтышты

Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
16:21 14.11.2019

Күйөрмандар оюндан кандай жыйынтык күтүп жатканын жазышууда.

16:20 14.11.2019

Биздин команданын баштапкы курамы ушундай.

16:16 14.11.2019

Ал ортодо эски аянтка күйөрмандар акырындык менен чогулууда.

Бул жерде чоң экран орнотулуп, мелдеш түз алып көрсөтүлөт.

Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
16:12 14.11.2019
16:07 14.11.2019
Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
16:02 14.11.2019

Стадиондун ичинде дагы беттешке даярдыктар көрүлүүдө. Тактап айтканда журналисттер аппаратурасын иреттеп, текшерип жатат.

16:00 14.11.2019

Сиз кимге жан тартасыз? Комментарийге жазыңыз.

15:55 14.11.2019

Сиздин божомол кандай?

15:44 14.11.2019

Болжол менен 200-250дөй япон күйөрмандары келди.

15:37 14.11.2019

Футбол көргөнү келген күйөрмандардын сүрөттөрү

Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15:34 14.11.2019
Футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15:30 14.11.2019

Стадиондо кайда отура турганыңызды карап алыңыз.

Подготовка к футбольному матчу между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15:29 14.11.2019

Күйөрмандардын жоон тобу борбордук "Ала-Тоо" аянты аркылуу стадионду көздөй кетти.

15:27 14.11.2019

Оюн учурундагы коопсуздукту сактоого милиция кызматкерлерине ыктыярчылар да жардам берет

Подготовка к футбольному матчу между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15:25 14.11.2019

Фрунзе менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган машиналарды эвакуатор жүктөп кетип жатат.

Подготовка к футбольному матчу между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15:23 14.11.2019

Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче, стадиондун жанындагы алып-сатарлар билеттерди 400 сомдон 600 сомго чейин сатышууда. Андан сырткары күйөрмандар үчүн ар кандай атрибуттар да сатылууда. 

15:16 14.11.2019

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев оюн маалында 3 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукка көз саларын айтты.

15:15 14.11.2019

"Тазалык" ишканасы да оюнга даярдык көрүүдө.

15:12 14.11.2019

Эски аянтта күйөрмандар үчүн атайын чоң экран орнотулуп, ошол жерден беттеш түз алып көрсөтүлөт.

Подготовка к футбольному матчу между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15:10 14.11.2019

Урматтуу достор! Футбол боюнча Кыргызстан менен Япониянын курама командаларынын беттешинин тексттик трансляциясын баштайбыз.

Оюн бүгүн,14-ноябрда, саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. 

Оюнчуларга ийгилик каалайбыз. Кана эмесе, кеттик!

Жаңылыктар түрмөгү
0