БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Борбор калаада боло турган Кыргызстан — Япония курама командаларынын 2022-жылдагы Дүйнөлүк чемпионаттын катышуучуларын тандоо турунун алкагындагы беттешине Күн чыгыш өлкөсүнөн да күйөрмандар келишкен.
Эске салсак, футбол беттеши бүгүн саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Стадион толуп, күйөрмандар көп болорун сатылган билеттердин калбай калгандыгынан баамдоого болот.
Япониянын командасы F группасынын лидери. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан экинчи орунда. Япониянын курама командасы дүйнөлүк рейтингде 28-орунда турса, Кыргызстан 94-сапта.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова Тажикстандагы эл аралык жарым марафондун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине спортчунун машыктыруучусу Татьяна Борисова билдирди.
Маслова 21,1 чакырымды 1 саат 12 мүнөт 2 секундда чуркап келген. Натыйжада бул аралыктагы көрсөткүчүн бир жарым мүнөткө жакшырта алган. Күмүш медалды өзбекстандык Вероника Гришина, коло байгени тажикстандык Гаффорзода Зулхиджа алган.
Ал эми эркектер арасында коло байгеге кыргызстандык Адилет Кыштакбеков ээ болгон.
Уюштуруучулар Акматалиевдин эркин күрөш боюнча спортчулардын арасынан ыкмаларды эң мыкты аткарганын айтышты.
65 килограмм салмакта күч сынашкан Акматалиев жарым финалда өзбекстандык тажрыйбалуу спортчу Ильяс Бекбулатов менен кармашты. Кыргыз балбаны 8:0 эсебинде утулуп жатканына карабай аракетин улантып, адегенде эки, анан төрт упайлык ыкма жасап, анын артынан эле атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишке жеткен.Ал эми чейрек финалда түркмөн атлети Керим Ходжаковду 5:1 эсебинде жеңип алган.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Соода кылгандан кийин чекти дароо ыргытып же кассага таштап салбаш керек. Аны алдамчылар пайдаланып кетиши мүмкүндүгүн РИА Новости юрист Егор Рединге шилтеме берип жазды.
Эксперттин айтымында, чек аркылуу адамдын аты-жөнүн, соода кылган картанын номеринин акыркы төрт санын билип алууга болот. Андан кийин шылуундар сиздин атыңыздан банкка кат жөнөтүп, акчаңызды уурдоого аракет кылышы мүмкүн.
"Ошондой эле алдамчы бул маалыматты колдонуу менен карта ээсин социалдык тармактардан таап, телефон номерин билип алат", — деп эскерткен Редин.
Алдамчылар дүкөндөн бонус топтойм деп чекти сурашат же акырын уурдап алышат. Андан кийин товарды коргоочу магнитинен ажыратып, көтөрүп кетишет. Кокус күзөтчү токтотуп калса башка эле бирөөнүн чегин көрсөтөт. Эгер товар карта менен төлөнсө шылуундар кайра сата алышат, ал эми акча менен төлөнсө кийимди чак келбей калды деп өткөрүп туруп акчасын алып алышат.