Футболисты во время матча между сборными Кыргызстана и Японии на стадионе Омурзакова в Бишкеке

Кыргызстандын футболчулары Японияга 0:2 эсебинде жеңилип калды

313
(жаңыланган 11:42 15.11.2019)
Голдор биринчи таймдын аягында жана экинчи таймдын башында кирди. Мелдеш 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өттү.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкекте өткөн футбол мелдешинде Кыргызстандын улуттук курама командасы Япониянын командасына жеңилип калды.

2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы мелдеш борбордогу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду.

  • Футболисты во время матча между сборными Кыргызстана и Японии на стадионе Омурзакова в Бишкеке
    Бишкекте өткөн футбол мелдешинде Кыргызстандын улуттук курама командасы Япониянын командасына жеңилип калды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Болельщики сборной Кыргызстана на стадионе Омурзакова в Бишкеке, где начнется футбольный матч между сборными Кыргызстана и Японии в Бишкеке
    2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы мелдеш борбордогу Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду.
    © Sputnik / Бегимай Бакашева
  • Футболисты сборной Японии во время матча между сборными Кыргызстана и Японии на стадионе Омурзакова в Бишкеке
    Оюндун биринчи бөлүгүнүн 41-мүнөтүндө Япония эсепти ачты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Футболисты сборной Кыргызстана во время матча между сборными Кыргызстана и Японии на стадионе Омурзакова в Бишкеке
    Мелдешти тейлеп жаткан аравиялык калыс оюндун биринчи таймы аяктап бара жатканда пенальти дайындаган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Футболисты во время матча между сборными Кыргызстана и Японии на стадионе Омурзакова в Бишкеке
    Буга атаандаш команданын чабуул коюп келе жаткан футболчусу Такуми Минаминого дарбазачы Кутман Кадырбековдун колу тийип кеткендиги себеп болгон.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Футболисты во время матча между сборными Кыргызстана и Японии на стадионе Омурзакова в Бишкеке
    Ал эми каршылаш тарап кийинки топту экинчи бөлүктүн 53-мүнөтүндө киргизди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Футболисты во время матча между сборными Кыргызстана и Японии на стадионе Омурзакова в Бишкеке
    Натыйжада Япониянын командасы 0:2 эсеби менен жеңүүчү болду.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 7
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкекте өткөн футбол мелдешинде Кыргызстандын улуттук курама командасы Япониянын командасына жеңилип калды.

Оюндун биринчи бөлүгүнүн 41-мүнөтүндө Япония эсепти ачты. Мелдешти тейлеп жаткан аравиялык калыс оюндун биринчи таймы аяктап бара жатканда пенальти дайындаган. Буга атаандаш команданын чабуул коюп келе жаткан футболчусу Такуми Минаминого дарбазачы Кутман Кадырбековдун колу тийип кеткендиги себеп болгон.

Ал эми каршылаш тарап кийинки топту экинчи бөлүктүн 53-мүнөтүндө киргизди. Натыйжада Япониянын командасы 0:2 эсеби менен жеңүүчү болду.

Япониянын бул жеңиши командалардын тайпалык баскычын өзгөртпөйт. Аталган өлкө лидер болсо, Кыргызстан менен Тажикстан экинчи сапта турат. Кыргызстан экинчи орунда калат, себеби Тажикстан бүгүн Мьянмага 4:3 эсебинде жеңилди.

Оюн учурунда болгон бардык кызыктардын сүрөт, видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан көрүңүздөр.

313
Белгилер:
гол, оюн, беттешүү, футбол, Бишкек, Япония, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстан — Япония беттеши (31)
Тема боюнча
Япондуктар пенальтиден топ киргизип, эсепти ачышты
Командасына жан үрөп, дем берген япондор. Бишкектеги күйөрмандардын видеосу
Кыргызстан — Япония беттеши. Учурда эмне болуп жатат? Сүрөт, видео
"Ак шумкарлар" — энергиясы күчтүү команда! Япон ЖМКлары бүгүнкү футбол тууралуу
Япония менен беттеше турчу КР командасынын курамы белгилүү болду