Фотофакт: стадионго жык толгон футбол күйөрмандарынын сүрөтү

Жазылуу
Бүгүн Бишкекте 2020-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Кыргызстан Япониянын командасы менен беттешти.

Мелдеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду. 18 миң киши бата турган спорттук жайга эл толо келди. Оюнга эки күн калганда бардык билеттер сатылып кеткен.

Бишкектик фотограф Михаил Дудин дрондун жардамы менен стадиондун көрүнүшүн асмандан тартты. Анын айтымында, сүрөт биринчи таймдагы тыныгууда тартылган.

Оюнда 0:2 эсеби менен Япония жеңүүчү аталды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0