Мелис Турганбаев, Тазабек Икрамов баштаган ардагер спортчулар наам алды

© Sputnik / Табылды КадырбековВозвращение в Бишкек участников чемпионата мира по борьбе среди ветеранов
Возвращение в Бишкек участников чемпионата мира по борьбе среди ветеранов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн алдындагы Спорт агенттигинин токтому менен Кыргызстандагы тогуз белгилүү спортчу сыйланган. Тизмеде балбан, дзюдочудан тарта пауэрлифтинг чебери да бар.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бир катар кыргызстандык ардагер спортчуларга мамлекеттик наамдар берилгенин Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Ага ылайык, өкмөттүн алдындагы Спорт агенттигинин токтому менен тогуз адам наам алган.

"Ардагерлер арасында КРдин эмгек сиңирген спорт чеберин" алгандар:

  • Мелис Турганбаев (57 жашта) — эркин күрөш;
  • Чынарбек Изабеков (49 жашта) — эркин күрөш;
  • Жаркынбек Шамбетов (55 жашта) — дзюдо;
  • Таалайбек Масабиров (53 жашта) — дзюдо;
  • Алимбек Рахимов (53 жашта) — пауэрлифтинг.

"Ардагерлер арасында КРдин эл аралык класстагы спорт чеберин" алгандар:

  • Бердикул Караев (58 жашта) — грек-рим күрөшү;
  • Тазабек Икрамов (45 жашта) — грек-рим күрөшү;
  • Билимбек Капарбек уулу (42 жашта) — эркин күрөш;
  • Канат Шабданбаев (37 жашта) — грек-рим күрөшү.

Возвращение в Бишкек участников чемпионата мира по борьбе среди ветеранов - Sputnik Кыргызстан
Мелис Турганбаев күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду
Үстүбүздөгү жылдын 8-13-октябрь күндөрү Грузиянын Тбилиси шаарында ардагер балбандар арасында дүйнө чемпионаты өткөн. Мелдештин алкагында ЖАМКтын жетекчиси Мелис Турганбаев чемпион болсо, ЖК депутаты коло байге тагынган. Ошондой эле Бердикул Караев, Билимбек Капарбек жана Чынарбек Изабеков күмүш байге алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0